Викиказына:Викиказына эмне эмес

From Wikimedia Commons, the free media repository
Jump to navigation Jump to search
This page is a translated version of a page Commons:What Commons is not and the translation is 100% complete. Changes to the translation template, respectively the source language can be submitted through Commons:What Commons is not and have to be approved by a translation administrator.
Shortcut

Викиказына – бул коомдук домендик файлдарды жана эркин лицензияланган билим берүүчү медиа контентти (сүрөттөр, аудио жана видеолор) каалаган адам үчүн жеткиликтүү кылган медиа кампа. Ал Викимедиа Фондунун ар кандай долбоорлору үчүн бирдиктүү репозиторий катары кызмат кылат.

Долбоордун белгилүү бир алкактары бар жана Викиказына болуп саналбаган кээ бир нерселер бар.

Долбоордун алкактары

Викиказына энциклопедия, сөздүк, колдонмо же китеп эмес

Биз бирөө үчүн сүрөттөрдү чагылдырып берүүгө жардам бере алсак да, Викиказына өзү энциклопедия, сөздүк же кандайдыр бир жазуу иш эмес. Бул категориялардагы мазмун адатта Википедия же Викисөздүк сыяктуу Викимедиа сайттарына өтүшү керек.

Көбүрөөк маалымат үчүн Викиказына сайтында жайгаштыруу үчүн ылайыксыз окуу материалдары эрежесин караңыз.

Викиказына бул Википедия эмес

Викиказынанын жалпы файлдары сөзсүз түрдө Википедиянын Бейтарап көз караш жана Оригиналдуу изилдөөлөргө орун жок сыяктуу эрежелерин жана көрсөтмөлөрүн сактоонун кажети жок. Викиказына башка нерселер менен катар бардык Викимедиа долбоорлору үчүн жалпы медиа файл ресурсу катары иштейт жана биз ошол жеке долбоорлордун ар бири тарабынан жергиликтүү деңгээлде таңуулана турган эрежелерден айырмаланып турабыз.

Кошумча маалымат үчүн Викиказына:Долбоордун алкактары/Бейтерап көз карашти караңыз.

Викиказына сиздин жеке акысыз веб хостуңуз эмес

Биз Викиказына сайтында медиа жана сүрөттөрдү жайгаштырсак да, бардык мазмун биздин долбоордун алкагында болушу керек, бул башка нерселер менен катар бардык медиа билим берүү максатында реалдуу түрдө пайдалуу болушун талап кылат. Эгерде сиздин сүрөттөрүңүз билим берүү үчүн пайдалуу жана бул долбоордун алкагында болбосо өчүрүлөт, анткени Викиказына сиздин эс алуу учуруңуздагы сүрөт коллекцияңызды сактай турган жер эмес.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Билим берүү максатында реалдуу пайдалуу болушу керек эрежесин караңыз.

Викиказына — социалдык тармак эмес

Викиказынаны досторуңуз менен баарлашуу, жеке профилдерди түзүү ж.б. үчүн гана колдонуу Викиказынанын алкатарына кирбейт. Долбоорду өнүктүрүү үчүн башка колдонуучулар менен байланышууга жардам берүү үчүн түзүлгөн колдонуучунун барактары жакшы.

Көбүрөөк маалымат үчүн COM:PSP эрежесин караңыз.

Мазмуну

Викиказына жарнамалоочу жер эмес

Биздин алкактарга ылайык, жарнама же өзүн-өзү жарнамалоочу мазмун Викиказынадан өчүрүлүшү мүмкүн.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Билим берүү максатында реалдуу пайдалуу болушу керек эрежесин караңыз. Колдонуучу баракчаңыздын мазмуну жөнүндө маалымат алуу үчүн, COM:PSP караңыз. (Долбоордун алкактары:Колдонуучунун уруксат берилбеген барагы/галереясы/категориясынын мазмуну)..

Викиказына цензурага алынбайт

Кээ бир предметтерди түшүнүү үчүн билим берүүчү маанисинен улам, Викиказына айрым колдонуучуларга ар кандай себептерден улам каршы, жагымсыз же адепсиз деп эсептеген материалдарды жайгаштырышы мүмкүн. Сүрөттө инсандык укук маселелерине байланыштуу көйгөйлөрү болбосо, АКШда мыйзамсыз болушу мүмкүн же башка Викиказына эрежесин бузбаса, Викиказына колдонуучуларга каршы же адепсиз деп эсептеген медианы цензурабайт же өчүрбөйт. Бирок "Викиказына цензурага алынбайт" деген билдирүү Викиказынанын нормалдуу уруксат берилген алкагынан тышкары турган файлды сактоо үчүн жарактуу деп эсептелбейт.

Көбүрөөк маалымат үчүн COM:PS (Долбоордун алкактары: Цензура) жана Викиказына:Жылаңачтык караңыз.

Викиказына - бул порнографиялык сайт эмес

Биздин учурдагы сүрөттөр жыйнагыбызга билим берүү жагынан пайдалуу эч нерсе кошпогон сапаты төмөн порнографиялык сүрөттөр Викиказына сайтында талап кылынбайт. Натыйжада жүктөлгөн жыныстык органдардын сапатсыз сүрөттөрү көбүнчө тез өчүрүлөт. Ошентсе да мындай сүрөттөрдү өчүрүү, өчүрүүнүн кадимки жол-жоболоруна ылайык болушу керек. Эгерде сапаты начар болсо да, ал теманы жакшыраак иллюстрациялай турган файл бизде жок болсо, биз файлды сактай алабыз.

Көбүрөөк маалымат үчүн Викиказына:Долбоордун алкактары#Цензура эрежелерин жана Викиказына:Билим берүү максатында реалдуу пайдалуу болушу керек караңыз. Тиешелүү конкреттүү расмий көрсөтмө Викиказына:Жылаңачтык.

Викиказына автордук укуктун ээси болбосо да, автордук укукка кам көрөт

Викиказына автордук укуктун жана лицензиялоонун чектөөлөрүн автордук укук ээлери алардын аткарылышына кам көрүшпөгөнүнө карабастан сыйлайт. Эркин эмес медианы "автор билбейт", "автор алардын эмгегин кайра таратканыбызга кубанат" сыяктуу шылтоолорду айтып, же ушул сыяктуу билдирүүлөр менен жүктөө Викиказына сайтында иш эмес. Биз автордук укукка олуттуу карайбыз; авторлугуна шек туудурган ар кандай сүрөт же медиа өчүрүүгө сунушталуусу мүмкүн, ал эми тийиштүү уруксатысыз же лицензиялык маалыматсыз жүктөлгөн медиа тез арада жок кылынышы мүмкүн.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, Викиказына:Этияттык принциби жана Викиказына:Өчүрүү эрежелери эрежелерин караңыз.