Викиказына:Долбоордун алкактары

From Wikimedia Commons, the free media repository
Jump to navigation Jump to search
This page is a translated version of a page Commons:Project scope and the translation is 100% complete. Changes to the translation template, respectively the source language can be submitted through Commons:Project scope and have to be approved by a translation administrator.

Shortcuts: COM:PS • COM:SCOPE • COM:OOS • OOS

Викиказына – бул коомдук доменде болгон же эркин лицензиялардын бири боюнча чыгарылган билим берүүчү медиа мазмунга (сүрөттөр, үндөр жана видеолор) акысыз кирүү мүмкүнчүлүгүн ар бир адамга жеткиликтүү кылган медиа кампасы. Ал бардык Викимедиа долбоорлору үчүн борборлоштурулган жалпы ресурс катары колдонулат, бирок бул жерде сакталган медиа файлдарды каалаган адам, каалаган жерде, каалаган максатта колдоно алат.

Бул барак тилекке каршы абдан көлөмдүү болду. Эгер сизге кыскача сереп керек болсо, кыскача бөлүмүн караңыз.

Викиказынанын максаты

Викиказынанын максаты – медиа файлдардын сактагычын, тактап айтканда кампасын камсыз кылуу:

  • ал жалпыга ачык жана эркин лицензиялуу билим берүүчү медиа мазмундарды баарына жеткиликтүү кылат жана
  • Викимедия фондунун ар кандай долбоорлору үчүн жалпы сактагыч катары иштейт.

"Билим берүүчү" деген сөз айкашты анын "билим берүү; үйрөтүүчү же маалымат берүүчү" деген кеңири маанисинде түшүнүү керек.

Викиказынанын алкактары

Викиказына сайтында жайгаштырылган материалдар жарамдуу болуусу үчүн бардык файлдар Викиказынанын алкагына дал келиши керек, антпесе алар OOS (Out Of Scope) катары өчүрүлөт.

Четке кагылуучу билим берүүчү материалдар

Кээ бир материалдарды Викиказына сайтында жайгаштыруу мүмкүн эмес, бирок бул ал материалдардын түпкүлүгүндө билим берүүчү маңыз жок дегенди билдирбейт, болгону аларды Викимедиа Фондунун башка долбоорлоруна жайгаштыруу ылайыктуу болот. Бул медиа файлдарга да, текстке да тиешелүү.

Четке кагылуучу билим берүүчү материалдар төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Энциклопедиялык макалалар, себеби алар Википедияда жайгаштырылышы керек.
  • Жаңылыктар (алар үчүн Викижаңылыктар долбоору бар), аба ырайы жана ушул сыяктуу маалыматтар.
  • Тексттен башка билим берүү максаттары үчүн пайдалуу эч нерсе камтыган файлдар. Рецепттер, нускамалардын тизмеси, поэзия, көркөм адабият, цитаталар, сөздүк аныктамалар, сабак пландары же билим берүү программалары сыяктуу ар кандай материалдарды жайгаштыруу болбойт, анткени алар үчүн башка долбоорлор бар. Мисалы; Викикитеп, Викиүзүндү, Викисөздүк, Викиверситет же Викибулак.

Бирок, мындай материал Викимедиа фондунун (WMF) башка долбоорунда колдонулган медиа файлдардын бир бөлүгү болсо (мисалы, ишенимдүү, текшерилүүчү булактардан алынган сканерленген текст) жайгаштырышы мүмкүн, бирок бул учурда сканерленген көчүрмөлөрү колдонулат. Ошондой мындай материалдар тексттин өзүнөн тышкары, бул файлды билим берүү максатында колдонууда зарыл болгон баалуу нерселерди камтыган файлдарга уруксат берилет. Мисалы; автордук укук менен корголбогон китептердин, гезиттердин же башка тексттердин сканерленген барактары кагаздын текстурасын, шрифттерин, иллюстрацияларын ж.б. көрсөтүү үчүн колдонулушу мүмкүн.

Колдонуу чөйрөсү 1-бөлүк: Файлдар

Жүктөнгөн файлдар төмөнкү шарттардын бардыгын аткарса гана колдонууга алынат. Ар бир файл:

  • Медиа файл болушу керек.
  • Акысыз түрдө берилүүчү файл форматында болушу керек.
  • Эркин лицензияланган же коомдук доменде болушу керек.
  • Билим берүү максатында реалдуу пайдалуу болушу керек.
  • Билим берүү мазмунун гана камтыбашы керек.

Бул төмөндө кененирээк түшүндүрүлөт.

Медиа файл болушу керек

Викиказына сүрөттөр, сканерленген сүрөттөр, диаграммалар, чиймелер (анын ичинде анимациялык сүрөттөр), үндөр, видеолор сыяктуу медиа файлдарды алардын мета маалыматтары менен жайгаштыруу үчүн иштелип чыккан. Түшүндүрмө жана башка тексттер файл барагында жалпы максаттарды көздөгөн жана билим берүүчү мазмунду четке какпаган билим берүү мазмунуна гана уруксат берилет.

Төмөнкү маалыматтар медиа файлдар катары эсептелбейт жана бул жерде жайгаштырылбайт:

  • Түрдүү форматтагы компьютердик программалар, анын ичинде бинардык аткарылуучу файлдар жана баштапкы булак коддун тизмеси. Маанилүү учурларда гана булак коду файлдын сүрөттөмөсүнүн же метамаалыматтын бир бөлүгүн түзүшү мүмкүн, мисалы, графикалык файлды түзүү үчүн колдонулган кодду сүрөттөөчү текст катары камтышы мүмкүн.
  • Баштапкы булак кодун гана чагылдырган файлдар (мисалы, ASCII файлдары, программанын баштапкы коду ж.б.).

Акысыз түрдө берилүүчү файл форматында болушу керек

Акысыз файл форматтарына гана уруксат берилет. Microsoft Word жана Excel документ форматтары, AAC, WMA, H.265, HEIC, Flash жана ушул сыяктуу менчик форматтарга уруксат берилбейт. Жалпысынан алганда, жүктөлгөн маалыматтын мазмунун көрүү же түзөтүү үчүн эркин эмес программаны талап кылган ар кандай файлга тыюу салынат.

Учурда уруксат берилген файл форматтарынын тизмесин Викиказына:Долбоордун алкактары/Уруксат берилген файл түрлөрү барагынан таба аласыз.

Эркин лицензияланган же коомдук доменде болушу керек

Викиказына акысыз мазмунду, башкача айтканда, эркин лицензияланган же коомдук доменде болгон файлдарды гана кабыл алат. Эгерде автордук укуктун мөөнөтү бүтсө же автордук укуктун ээси(лери) бардык автордук укуктан кайтарылгыс түрдө баш тартуу менен файлдын мазмунун коомдук доменге өз ыктыяры менен жайгаштырса, файл коомдук домен болуп эсептелет. Автордук укукту коргоого жараксыз файл дагы коомдук домен болуп эсептелет.

Бул жерде жайгаштырылган ар кандай файл, адатта, АКШнын мыйзамдарына жана булак жарыяланып жаткан өлкөнүн мыйзамына ылайык, эркин лицензияланган же коомдук доменде болушу керек. Эгерде башкача тартипте болсо, анда чоо-жайын лицензиялоо эрежелерин караңыз.

Талап кылынган лицензиялык шарттар

Эркин лицензияланган деп эсептөө үчүн, автордук укук ээси файлды төмөнкүдөй өзгөрүлгүс лицензия менен чыгарышы керек:

  • Ар кандай максатта, анын ичинде коммерциялык максатта акысыз кайра колдонууга уруксат берет.
  • Туунду чыгармаларды түзүүгө уруксат берет.

Уруксат берилбеген лицензия шарттары

Төмөнкү лицензиялык шарттарга жол берилбейт:

  • Коммерциялык эмес же билим берүү максатында гана колдонулат.
  • Туунду чыгармаларды түзүүгө чектөөлөр (копилейфти кошпогондо).
  • Төлөө же пайдалануу жөнүндө билдирүүнү талап кылуу (сураныч иретинде болушу мүмкүн, а бирок талап эмес).
  • Эмгектин колдонулуш чөйрөсү же мүмкүндүгүнө чектөөлөр. Мисалы: Википедияда гана колдонууга уруксат берүү.

Мындай чектөөлөрдү камтыбаган лицензияларга чыгарма кош лицензиянын (же бир нече лицензия деп аталган) жок дегенде бир лицензия мөөнөтү менен жеткиликтүү болгон шартта уруксат берилет.

Адилет пайдаланууга гана уруксат берген "лицензияларга" жол берилбейт. (Адилет пайдалануу автордук укуктун ээси тарабынан лицензиялана турган укук эмес жана кандай болгон күндө да Викиказына тарабынан эч качан кабыл алынбайт.)

Уруксат берилген лицензия шарттары

Төмөнкү лицензиялык шарттарга жол берилет:

  • Автордук укуктун ээсинин (алардын) аты-жөнүн көрсөтүү ("атрибуция") талабы.
  • Ар кандай туунду чыгармалар түпнуска менен бирдей шарттарда лицензияланууга тийиш деген талап ("pay alike"/"copyleft").

Лицензиялоо саясаты Викиказына:Лицензиялоо дарегинде кеңири берилген.

Далил

Бардык учурларда, жүктөөчү жүктөп жаткан файлдын коомдук доменде экенин же автордук укуктун ээси аны тиешелүү лицензиянын негизинде чыгаргандыгын көрсөтүү үчүн тиешелүү далилдерди бериши керек. Сизден жок дегенде файлдын булагын, [1]эгер файл туунду чыгарма болсо, түпнуска булагы менен бирге келтиришиңиз талап кылынат. Мындан тышкары, жаратуучу же автордук укук ээси, эгерде белгилүү болсо же аларды идентификациялоо үчүн негиздүү негиз бар болсо, идентификацияланышы керек. Эгерде кандайдыр бир суроо жаралса, автордук укуктун ээси файлды чындап эле бул лицензиянын негизинде чыгаргандыгын далилдеген далилдер керек болушу мүмкүн.

Эгерде файл идентификациялык адамдын фотосүрөтү болсо, анда сүрөттөлгөн адамдын сүрөттөр боюнча нускамада каралган форма боюнча макулдугу талап кылынышы мүмкүн.

Бардык учурларда, далилдөө түйшүгү файлды жүктөөчүгө же файлды сактоону жактаган адамга (негиздүү түрдө аныктала турган даражада) төмөнкүлөр жүктөлөт:

  • файл коомдук доменде же тиешелүү лицензиясы бардыгын далилдөө.
  • талап кылынган бардык макулдуктар алынгандыгын тастыктоо.

Эски файлдарды жүктөө учурунда, анын жашынан улам коомдук доменде болуп жаткандыгын аныктоого файлдын датасы жана өлкөсү аркылуу аныктоого жардам бериши керек.

Эскертүүлөр
  1. Интернеттен табылган файлдарда бул файлдын URL'и эмес, файлды камтыган барактын URL'и болушу керек экенин эске алыңыз, андыктан Викиказына колдонуучулары зарыл болгондо керектүү маалымат таба алышы зарыл.

Сактык принциби

Викиказына колдонуучулары акысыз же эркин лицензияланган медиа файлдардын кампасын түзүүнү жана ак ниеттүүлүк менен сактоону көздөшөт. Этияттык принциби (же алдын алуу принциби) – белгилүү бир файлдын эркиндигине карата олуттуу шектенүү жаралса, аны жок кылуу керек.

Ошондой эле, "биз андан кутула алабыз" дегенге барабар болгон аргументтер, Викиказынанын максаттарына каршы келет. Мисалы:

  1. "Автордук укуктун ээси сотко бергиси келбейт же аны бере албайт."
  2. "Автордук укуктун ээси эч качан биле албайт."
  3. "Автордук укуктун ээси анын эмгегин жайылтканыбызга каршы болбойт./ Тескерисинче ыраазы болушу керек."
  4. " Автордук укуктун ээсинин ким экенин эч ким билбейт, андыктан бул эч кандай мааниге ээ эмес."
  5. "Файл, албетте, жалпы коомдук менчикте. Аны интернеттен тапса болот жана эч ким нааразы болгон эмес."

Shortcuts

Билим берүү максатында реалдуу пайдалуу болушу керек

"Билим берүүчү" деген сөз айкашты анын "билим берүү; үйрөтүүчү же маалымат берүүчү" деген кеңири маанисинде түшүнүү керек.

Төмөнкү бөлүмдөрдө көрсөтүлгөндөй, файлдын ар бир колдонулушу эске алынбайт. Мисалы: далилдөө үчүн талкуу барагында колдонулган сүрөттөр эске алынбашы мүмкүн.

Башка Викимедиа долбоорунда колдонулган файл

Викимедиа фондунун башка долбоорлорунун биринде колдонулган медиа файл автоматтык түрдө билим берүү максатында пайдалуу деп эсептелет, анткени ал калыптын муктаждыктары үчүн же ушул сыяктуу кандайдыр бир оперативдүү себептерден улам колдонулган файл. Мындай файл сапатсыз болсо да, аны жок кылуу мүмкүн эмес. Эгерде ал колдонулуп жатса, анда бул жетиштүү.

Адаттагыдай эле, Викиказынанын колдонуучусу же башка долбоордун жеке барагына колдонуу үчүн аз сандагы сүрөттөрдү (мисалы, өзүңүздүн портретиңизди) жүктөөгө уруксат берилет, эгерде ал тиешелүү долбоордо учурдагы (же мурдагы) активдүү катышуучу болсо.

Белгилей кетчү нерсе, Викиказына башка долбоорлорду жокко чыгарбайт. Эгерде сүрөт башка долбоордо колдонулуп жатса (талкуу барагында же колдонуучу барагында колдонуудан тышкары), бул Викиказынанын алкагында болушу үчүн жетиштүү.

Викиказынада гана колдонулган файл

Файл галерея барагында, Викиказына категориясында же колдонуучунун жеке барагында («Колдонуучу:» аттар мейкиндигинде) колдонулгандыктан гана билим берүү максаттары үчүн пайдалуу деп эсептелбеши мүмкүн, бирок адаттагыдай эле, колдонуучунун жеке барагында колдонуу үчүн аз сандагы сүрөттөрдү жүктөөгө (мисалы; сиздин портретиңиз) уруксат берилет. Викимедиа коомчулугунун долбоорлоруна же иш-чараларына тиешелүү файлдарга (мисалы; колдонуучулардын жолугушуулары) да уруксат берилет.

Файлды мыйзамсыз колдонуу

Төмөнкү шарттардын бирине да туура келбеген медиа файл:

  • билим берүү максатында реалдуу пайдалуу,
  • жогоруда айтылгандай акылга сыярлык пайдалануу

Викиказынанын алкагына кирбейт.

Бул жерде негизги басым Викимедиа долбоорлорунун бирине же башка билим берүү максатындагы реалдуу пайдалуулукка бурулат. Мисалы: бардык эле сүрөттөр билим берүү максатында реалдуу пайдалуу эмес. Сүрөт "X" жөнүндө википедиядагы макаланы иллюстрациялоо үчүн колдонулушу мүмкүн деген аргументтин негизинде пайдалуу боло албайт, анткени "X" сүрөттүн темасы болуп саналат.

Мисалы, пайдаланылбаган бүдөмүк фотосүрөт теориялык жактан "Сүрөт тартуудагы кеңири таралган каталар" деген макаланы иллюстрациялоо үчүн колдонулушу мүмкүн экендиги бардык бүдөмүк сүрөттөрдү сакташыбыз керек дегенди билдирбейт. Досуңуздун колдонулбаган сүрөтү теориялык жактан "Фотографиялык портрет" деген макаланы иллюстрациялоо үчүн колдонулушу мүмкүн экендиги белгисиз адамдардын бардык сүрөттөрүн сактоо керек дегенди билдирбейт. Пайдаланылбаган порнографиялык сүрөт порнография жөнүндөгү макаланы иллюстрациялоо үчүн теориялык жактан колдонулушу мүмкүн экендиги бизде сапаты төмөн порнографиялык сүрөттөрдү сакташыбыз керек дегенди билдирбейт. (Кошумча маалыматты караңыз Цензура).

Ар кандай форматтагы файлдардын варианттары, ошондой эле файлдын тарыхы үчүн юридикалык себептерден улам сакталышы керек болгон учурларда окшош, бирок так эмес кайталанма файлдар — бул ыкмадан тышкары.

Мисалдар

Билим берүү максатында реалдуу пайдалуу эмес файлдардын мисалдары:

  • Сүрөттөрдүн жеке коллекциялары, мисалы, жеке кечедеги сүрөттөр, өзүңүздүн жана досторуңуздун сүрөттөрү, майрамдык сүрөттөрдүн жеке коллекциясы жана башкалар. Интернетте бул максатта колдоно турган көптөгөн башка долбоорлор бар, мисалы, Flickr. Сүрөттөрдүн мындай жеке коллекциясы, Викиказына колдонуучусунун жеке барагында же башка долбоордун галереясы катары жайгаштырылса дагы, билим берүүчү деп эсептелбейт.
  • Сүрөтчүнүн чеберчилигин көрсөтүү үчүн гана жүктөлгөн билим берүүчү эмес искусство чыгармалары, анын ичинде билим берүү максатында колдонулбаган көркөм чыгарма
  • Вандализм же кол салуу максатында түзүлгөн жана/же жүктөлгөн файлдар. Улутчулдук, диний же расисттик себептер менен байланышкан же мурунтан байланышы бар болгон дизайндар жана символдор укук бузууга алып келиши мүмкүн болгондуктан колдонулбайт. Эгерде алар мыйзамдуу түрдө жайгаштырылса жана Викиказына алкагына кирсе (мисалы, алар Википедиядагы сабырсыздык жөнүндөгү макаланы иллюстрациялоо үчүн колдонулса) алар сакталышы керек.
  • Жарнама же өзүн-өзү жарнамалоо.
  • Бир эле теманы камтыган сүрөттөрдүн жыйнагына билим жагынан айырмаланбаган файлдар, өзгөчө сапаты начар же орточо болсо.

Талкуу

Бизде түрлөрү аныкталган канаттуулардын көптөгөн сапаттуу сүрөттөрү бар жана белгисиз куштун кичинекей, бүдөмүк жана начар тартылган сүрөтү эч кандай билим берүүчү пайда алып келбейт. Бирок, сүрөттүн сапаты эң жакшы болбосо да, бизде көрсөтүлө элек канаттуулардын жүрүм-турумунун белгилүү бир аспектисин чагылдырган сүрөттөр үчүн ар дайым орун бар.

Кээде ар түрдүүлүк жана тандоо мүмкүнчүлүгү үчүн билим берүү көз карашынан алганда бири-бирине окшош сүрөттөрдү сактап калуу үчүн аргументтер келтирилиши мүмкүн, бирок чыныгы билим берүү максаты жок, сапаты начар окшош сүрөттөрдү жайгаштыруунун мааниси жок.

Мыкты сапаттагы жаңы билим берүү файлдары ар дайым кабыл алынат жана мындай файлдар кийинчерээк жүктөлгөнүнө карабастан, пайдаланылбаган сапаты төмөн файлдарды билим берүү максаттары үчүн жараксыз кылат. Бирок, жогоруда айтылгандай, Викимедиа долбоору тарабынан ак ниеттүүлүк менен колдонулган файл билим берүү максатында дайыма пайдалуу деп эсептелет. Ошентип, колдонулуп жаткан сапаты төмөн файл, ошол эле нерсени көрсөткөн жакшыраак сапаттагы файл кийинчерээк жеткиликтүү болуп калса да, жок кылынбайт.

Начар же орто сапаттагы жаңы жана учурдагы файлдар, алар эмнени сүрөттөгөнүнө жана ошол эле темадагы башка файлдарга жараша билим берүү максатында реалдуу түрдө пайдалуу болушу мүмкүн же болбошу мүмкүн. Предмет сейрек кездешүүчү жана/же сүрөткө тартуу кыйын болгон учурда, сапаты начар файл да маанилүү билим берүүчү мааниге ээ болушу мүмкүн, айрыкча Викиказынада андай файлдар өтө аз же жок болсо. Башка жагынан алганда, жалпы жана оңой тартылуучу предметтердин начар же орточо файлдарынын реалдуу билим берүү мааниси жок болушу мүмкүн, айрыкча Викиказынада буга чейин окшош же жакшыраак сапаттагы көптөгөн мисалдарды камтыса.

Сүрөттүн сапаты файлдын билим берүү пайдалуулугун чектеген факторлордун бири гана. Башка чектөөчү факторлор төмөн чечилиш же алып салуу кыйын болгон белгилери болушу мүмкүн.

PDF жана DjVu форматтары

PDF жана DjVu файл форматтарына уруксат берилгени менен, алар тиешелүү учурларда гана колдонулушу керек. Викиказынанын максаттарына ылайык келген форматты тандоонун кандайдыр бир себеби болушу керек. Жогоруда айтылган бардык эрежелер, албетте, ошондой эле колдонулат.

PDF же DjVu файлын өчүрүүнү карап жаткан администратор тандалган формат Викиказынанын максаттарына ылайык келер-келбесин жана контекст жана ниет (эгерде белгилүү болсо) тиешелүү болушу мүмкүн. Мисалы, PDF форматында жарыяланган университеттик диссертация жакшы болушу мүмкүн, бирок Викиказына сайтын акысыз веб-хост катары колдонуп жаткан колдонуучу жараткан оригиналдуу изилдөө макаласы ылайыктуу эмес.

Викибулак же Викикитеп сыяктуу бир же бир нече Викимедиа долбоорлору үчүн реалдуу колдонулушу мүмкүн болгон файлдар сакталышы керек; өчүрүү файлдын башка долбоорлордун биринде жакшыраак жайгаштырылышы керек деген жалгыз негизге негизделбеши керек. Бул жерде дагы бир Викимедиа фондунун долбооруна реалдуу пайдалуу же анын алкагында болгон ар кандай медиа файлдарды жайгаштырууга болот.

Түпкү тексттерди оңдоо же түзүү үчүн Викибулакка көбүнчө PDF же DjVu файлдары керек экенин унутпаңыз: Ошондуктан, белгилүү коомдук домендин ылайыктуу басылмаларынын сканерлери дээрлик дайыма ушул себептен гана камтылат. Ошону менен бирге, бир нече булактардан алынган текстти даярдоого катышкан редакциялык чечимдер жаңы автордук укукка алып келиши мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек, андыктан колдонулган басылмалар автордук укуктан тышкары болушу керек.

PDF жана DjVu форматтарынын уруксат берилген себептери

  • Формат басып чыгаруунун ыңгайлуулугу үчүн тандалган
  • Формат атайын шрифттерди көрүүгө же басып чыгарууга мүмкүндүк берүү үчүн тандалган (мисалы; алгебра же тил илими боюнча документтер).
  • Файл бул жерде Викимедиа фондунун башка долбоорунда колдонуу зарылчылыгынын негизинде, ошол долбоордо ошол эле форматта жүктөлгөндөй жайгаштырылат; мисалы:
    • Жарыяланган жана рецензияланган эмгектерди камтыган PDF же DjVu файлдары Викибулакта, ошондой эле Викиказына сайтында да кабыл алынат. Долбоордун чөйрөсүнө кирген документтердин мисалдары болуп; басылып чыккан китептер (бирок жеке басма эмес), рецензияланган илимий макалалар, университеттин диссертациялары жана квалификациялык документтер болот.
    • Файл-бул тарыхый же башка тышкы маанидеги документтин сканерлөөсү. Мисалы, автордук укугу жок же лицензиясы бар китептерди, отчетторду, гезиттерди ж.б. сканерлөө.
    • Файл туруктуу, текшерилүүчү баштапкы документ катары колдонулат, мисалы, Викибулак же Викикитептер үчүн (мазмунду туура белгилөө).
    • Тандалган формат Викимедиа долбоорлорунун жок дегенде бирөөсү үчүн техникалык артыкчылыктарды берет.

PDF жана DjVu форматтарын пайдалануунун жол берилгис себептери

  • Формат, автор же жүктөөчү тарабынан Викиказынанын максатына каршы келген туунду чыгармалардын жаралышына жол бербөө же бөгөт коюу үчүн тандалганда. Мазмундун мындай орунсуз бекитилишине автор башкалардын туундуларды жасоосуна жол бербөө максатында PDF форматында жүктөгөн өзүн өзү жарыялаган куру макала же өзү жараткан сүрөт кирет.
  • Мазмуну негизинен чийки текст болуп саналат; мындай файлдар медиа файлдар деп эсептелбейт. Тарыхый же башка тышкы мааниге ээ болгон китептердин, репортаждардын, газеталардын жана башкалардын сканирлөөлөрү бул негизде, эч кандай сүрөттөрдү камтыбаса да жокко чыгарылбайт.
  • Башка бөлүмгө ылайык мазмунга тыюу салынат; мисалы, жарнамалык материалдар файл форматына карабастан долбоордун алкагынан тышкары.

Колдонуу чөйрөсү 2-бөлүк: Барактар, галереялар жана категориялар

Кошумча бул маалыматтар менен таанышыңыз Викиказына:Долбоордун алкактары/Барактар, галереялар жана категориялар.

Өзгөчө тынчсызданууну туудурган айрым жагдайлар жөнүндө

Цензура

Виржиния штатындагы Викиказына серверлеринде мыйзамдуу түрдө жайгаштырылышы мүмкүн болбогон файлдар жана башка материалдар, эгер материал жогоруда айтылгандай Викиказынанын башка алкактарына кирсе да, алар мыйзамсыз (анын ичинде автордук укукту бузуу) аныкталгандан кийин дароо өчүрүлөт. Бирок, Викиказына цензурага алынбайт жана мыйзамдуу түрдө айрым колдонуучуларга каршы же адепсиз деп эсептеген материалдарды камтыйт. "Викиказына цензураланбайт" принциби долбоордун алкагындагы мыйзамдуу түрдө жайгаштырылган файл "балдар үчүн ылайыксыз" же сизди же башкаларды адеп-ахлактык жактан, диний, социалдык же башка себептерден улам кемсинтиши мүмкүн деген негизде гана өчүрүлбөй турганын билдирет.

Мунун карама-каршысы, "Викиказына цензурага алынбайт" деген билдирүү жогоруда көрсөтүлгөндөй, Викиказынанын аныкталган алкактарынан тышкары файлды сактоо үчүн жарактуу аргумент эмес. Жылаңач дененин сүрөттөрү, анын ичинде эркектин жана аялдын жыныстык органдарынын сүрөттөрү кээде тарбиялык эмес мотивдер үчүн жүктөлөт жана мындай сүрөттөр Викиказына алкактары эрежелерин сактоо талабынан бошотулбайт. Эгерде сүрөттөрдүн сапаты начар болсо же Викиказына сайтында буга чейин бар болгон башка ушуга окшош сүрөттөргө кошумча билим берүүчү мааниге ээ болбосо, алар чыныгы билим берүү пайдалуулугу үчүн сынактан өтпөй калышы мүмкүн.

Кээ бирөөлөр үчүн адепсиз көрүнүшү мүмкүн болгон мыйзамдуу билим берүү мазмуну бар пайдалуу медианы кабыл алуу менен Викиказынаны универсалдуу медиа хостинг катары колдонбоонун ортосунда тең салмактуулук сакталышы керек (Flickr, Photobucket, YouTube, ж.б.у.с), долбоордун белгиленген максаттарын эске албастан. Викиказынанын максаты – медиа кампа, пайдалуу, ачык медиа контент үчүн ишенимдүү булак катары кызмат кылуучу; уюшкан жана комплекстүү (так маалымат жана файл сыпаттамалары менен), билим берүүчү мүнөзгө ээ жана Викимедиа долбоорлорунда жана башка жалпыга жеткиликтүү мамлекеттик кызматтарда колдонууга арналган.

"Бейтарап көз караш"

Викиказына бейтараптуулук көз карашы жана оригиналдуу изилдөөлөр боюнча Википедия долбоорлорунан кандай айырмаланары тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн Commons:Project scope/Бейтарап көз караш дарегин караңыз.

Кошумча маалымат