Викиказына:Долбоордун алкактары/Бейтерап көз караш

From Wikimedia Commons, the free media repository
Jump to navigation Jump to search
This page is a translated version of a page Commons:Project scope/Neutral point of view and the translation is 100% complete. Changes to the translation template, respectively the source language can be submitted through Commons:Project scope/Neutral point of view and have to be approved by a translation administrator.

Shortcut: COM:NPOV

This page is considered an official policy on Wikimedia Commons.

It has wide acceptance among editors and is considered a standard that everyone must follow. Except for minor edits (such as fixing typos, or bringing information up to date), please make use of the discussion page to propose changes to this policy.

Медиа файлдар

Викиказына — бул Википедия эмес жана бул жерде жүктөлгөн файлдар сөзсүз түрдө бейтарап көз карашка жана Википедия тил бөлүмдөрүнө тиешелүү болгон оргиналдуу же өз алдынча изилдөөлөргө жол бербөө эрежелерин карманууга тийиш эмес. Викиказына бардык Викимедиа долбоорлору үчүн жалпы медиа файл булагы катары иштейт жана ал долбоорлордун ар бири тарабынан жергиликтүү түрдө таңууланышы мүмкүн болгон эрежелерден таасирсиз турабыз.

Викиказына медиа файлдардын мазмуну боюнча талаштарды чечүүгө же медиа файлдын кайсы версиясын жеке долбоорлордо колдонуу артыкчылыктуу экенин чечүүгө арналган эмес. Эгер файл Викиказына алкактарына кирсе жана мыйзамдуу түрдө жайгаштырылса, биз аны жеткиликтүү кылабыз. Ал иш жүзүндө колдонулабы же кандай шартта колдонулары жеке долбоорлордун жергиликтүү жамааттары тарабынан чечилет.

Өзгөчө улуттук, саясий же диний мааниге ээ сүрөттөр, анын ичинде желектер, эмблемалар жана карталар күчтүү сезимдерди жаратышы мүмкүн, бирок Викиказына ар кандай атаандаш версиялардын кайсынысы туура же расмий версия экенин чечүүчү жер эмес. Эгер сиз бул жерде жайгаштырылган карта, эмблема, желек же башка файл кандайдыр бир жол менен "туура эмес" деп эсептесеңиз, анда жергиликтүү вики коомчулугун анын ордуна артыкчылыктуу версияны колдонууга көндүрүүгө аракет кылыңыз. Бул жерде туура эмес предметтик талаш-тартыштардын мисалдарына төмөнкүлөр кирет:

  • Карталар: "Автор улуттук чек араны туура эмес жерде көрсөтүү менен улутчул/саясий/диний көз карашты түртүүгө аракет кылып жатат", "шаарлар бекитилбеген ат менен же туура эмес тилде белгиленген", "карта юридикалык жактан таанылбаган мамлекетти көрсөтөт».
  • Желектер/эмблемалар: "Бул расмий версия эмес", "түстөр расмий түрдө бекитилген эмес", "бул дизайн террористтик топ тарабынан колдонулат".
  • Сүрөттөр: "Бул пропаганда"

Мындай предметтик талаш-тартыштар абсолюттук мааниде айтылганда да (кадимкидей) жүргүзүлсө да, маанисиз бойдон калууда: "Мындай желек жок"; "Бул чек ара туура эмес"; "Мындай өлкө жок".

Эгерде автор эч кандай олуттуу талаш-тартыш болбогон так фактылык ката кетиргени аныкталса, анда иш жүзүндө пайдаланылбаган файл билим берүү максатында пайдалуу болуу сынагынан өтпөй калышы мүмкүн жана ошонун негизинде жок кылынышы мүмкүн. Башка Викимедиа долбоорунда ак ниеттүүлүк менен колдонулган файл билим берүү максатында пайдалуу деп эсептелет жана кандайдыр бир жол менен "туура эмес" деген негизде жок кылынбайт. Мүмкүн болушунча, Викиказына жыйнагынан файлды жок кылганга караганда, мындай каталарды оңдоо артык. Эгерде болжолдуу ката олуттуу талаш-тартыштарды жаратса, анда мындай файлды калтырып, маселе тигил же бул жол менен чечилмейинче талаш өзүнчө вики-коомдоштуктарда жүргүзүлүшү керек.

Текст

Жогоруда көрсөтүлгөн себептерден улам, файлдын аталыштары жана ага байланыштуу сыпаттоо текстти "бейтарап" болушу ар дайым мүмкүн эмес. Бирок, мүмкүн болушунча сыпаттоонун бейтараптуулугуна багытталууга тийиш жана жана кандай болгон күндө да файлдын аталыштары да, текст да вандализм, кол салуу же атайылап провокация түзө тургандай туюнтпоого тийиш.

Кошумча маалымат