ВикиКазына:Вики Жерди Сүйөт 2024/Эрежелер

From Wikimedia Commons, the free media repository
Jump to navigation Jump to search
This page is a translated version of a page Commons:Wiki Loves Earth 2024/Rules and the translation is 100% complete. Changes to the translation template, respectively the source language can be submitted through Commons:Wiki Loves Earth 2024/Rules and have to be approved by a translation administrator.


Wiki Loves Earth 2024

 

Participating countries

 

Rules and FAQ

 

Organise

 

Winners

 

Contact us

 

Report

Вики Жерди Сүйөт 2024 сынагынын эл аралык баскычына эрежелер жыйнагы. Жергиликтүү топтордун өздөрүнүн эрежелери болушу мүмкүн, бирок катышуунун эл аралык тайпасында бул эрежелерге жооп берилиши зарыл.

Эрежелер

"Вики Жерди Сүйөт" сынагына катышуу үчүн тапшырма төмөнкүлөргө негизделиши зарыл:

  • Өз колу менен тартылган
    Баардык сүрөттөр өзүнүн автору тарабынан чыныгы нускасы жүктөлгөн болушу шарт. Башкалар тарабынан жүктөлгөн сүрөттөр(жада калса Викимедия Казына эрежелерине ылайык уруксаты болсо дагы) кабыл алынбайт.
  • Автордун өзү тарабынан сынак жүрүп жаткан мөөнөттө жүктөлгөн болушу зарыл;
    Ошондой эле сиз алдындан тартылган сүрөттөрүңүздү да жүктөсөңүз болот. Негизгиси сүрөттөр сынак жүрүп жаткан учурда жүктөлгөн болушу керек(ар бир өлкөнүн Майдан Июльга чейинки аралыкта же бул айларга жакынкы аралыктарда өзүнүн белгилүү бир сынак өткөрү мөөнөттрү бар болот).
  • Лицензиясыз болуусу керек;
  • Жаратылыш эстелиги деп эсептелген аймак/ жаратылыш паркы / корголуучу аймагы ж.б. камтыйт;
    Катышуу үчүн сүрөткө алынышы керек болгон жерлердин тизмеси ар бир катышуучу өлкө тарабынан жарыяланат. Катышууга мүмкүн болгон жерлерден тартылган (жаныбарлар, өсүмдүктөр, жана башкалардын) сүрөттөрүда эгер туура идентификацияланган болсо талапка жооп берет.
    Сүрөттөр толук кандуу тартылган жерди сүрөттөп, координаттары көрсөтүлгөн болушу "зарыл".[1]
  • Улуттук сынакка көрсөтүү;
  • Жок дегенде 2 Мпкс.[2]
  • Катышуучу Тиркемелерде өзүнүн каттоо баракчасында «активдештилирген электрондук дареги» бар болушу шарт.


Жүктөө ыкмасы

Өзгөрүүлөр

Эгер муктаждык болсо эл аралык команда эрежелерди өзгөртүп алса болот. Ал боюнча талкуулар бул жерде: Commons_talk:Wiki_Loves_Earth_2024/Rules.

Көп берилүүчү суроолор

  • COVID-19 илдетинин жайылышынан улам, конкурска сүрөт тартуу үчүн мен табигый мурастар жайгашкан аймактарыга барууга чектелгенмин, эмне кылсам болот?
Биз сизден эски, мурунтан тартылган сүрөттөрүңүздү жүктөөнү суранабыз. Сураныч, өлкөңүздөгү чектөөлөргө баш ийип коопсуз жана сак-саламаттыкта болуңуз. Дүйнөнлүк ден-соолук абалына биздин жоопторду окуп чыгыңыз.
  • Тапшырууга боло турган сүрөттөрдүн санында чекөө барбы?
Жок, каалаганча санда сүрөттөрдү тапшыра аласыз. Айрымдар жүздөгөн жерлерден сүрөттөрдү жүктөп жатышат. Бирок, жеңишке жетишүү мүмкүнчүлүгүңүздү жогорулатуу үчүн жогорку сапаттагы сүрөттөрүңүздү жүктөөнү сунуштайбыз.
  • Сүрөттөрүмдү жүктөөдөн алдын фотошоп же ошол сыяктуу тиркемелерди колдонсом болобу?
Ооба. Сүрөттөр каалаган программалык камсыздоо аркылуу түзөтүүгө же тууралоого болот. Бирок ашыкча жасалгалодон качыңыз: бул сүрөт сынагы, компьютердик искусство сынагы эмес экенин эстен чыгарбаңыз.
  • Сүрөттүн өлчөмү боюнча кандай көрсөтмөлөр бар?
Мүмкүн болушунча сүрөттөрдү чоң көлөмдө жүктөгөнүңүз оң жана "веб үчүн көлөмүн азайтпаңыз". Биз жогорку сапаттагы сүрөттөрдү көп максаттарда баалайбыз жана анын ичинде басып чыгаруу да бар. Улуттук конкурска 2 мегапикселден төмөн сүрөттөр кабыл алынышы мүмкүн, бирок алар чоң өлчөмдө, айрыкча басма түрүндө колдонууга жөндөмсүз болгондуктан, сыйлыкка ээ боло алышпайт. Биз сизден жогору сапатта сүрөттөрдү тапшырууну сурабайбыз.
  • Өзүм Википедияны түзөтүп, сүрөт жок макалага сүрөтүмдү кошо аламбы?
Ооба, биз абдан кубанычта болобуз! Конкурска катышууңуз Wikimedia Commons сайтында болгондуктан, сүрөттү баракчага киргизүү менен аны Wikipedia сайтында оңой эле кайра колдонсо болот.
  • Мен дүйнөнүн мыкты сүрөтчүсү эмесмин. Ошого карабастан менин катышуумду каалайсыздарбы?
Ооба, сураныч! Эл аралык конкурста жеңишке жетпесеңиз да, жергиликтүү чөйрөңүздү жана табигый мурасты документтештирүүгө жардам берүүңүздү жана сүрөттөрүңүздү келечек муундарга эркин жеткире алаарыңызды билүү үчүн кошкон салымыңыз кубаныч тартуулайт. Андан тышкары, айрым жергиликтүү уюштуруучулар эң көп жүктөлгөн сүрөттөр үчүн атайын номинацияларды жана/же сыйлыктарды сунуш кылышы мүмкүн.
  • Аймактар өтө чоң болгондуктан эмнени сүрөткө алууга кантип көңүл бурса болот?
Эң пайдалуу сүрөттөр чоң масштабты камтыган сүрөттөр жана биотопторду чагылдырган сүрөттөр. Ошондой эле корголуудагы аймактарда тартылган сейрек кездешчү түрлөрдүн (жандыктар, өсүмдүктөр ж.б.) сүрөттөрүн тарта аласыз, бирок бул сүрөттөр туура аныкталган болууга тийиш. Эгер сиз мындай сүрөттөрдү берсеңиз, аларды сүрөттөп берүү зарыл, ошондо сүрөттүн табигый жаратылышта тартылганын билебиз (бирок кимдир бирөөнүн балконунда эмес).
  • Улуттук деңгээлдеги сынакта координаттары жок сүрөттөрдү кабыл аласыздарбы?
Ооба, жергиликтүү конкурстарда координаттары жок сүрөттөрдү кабыл алууга болот, бирок эгерде мындай сүрөттү эл аралык деңгээлде көрсөтсө, автор же уюштуруучу команда координаттарды кошуп коюшу керек, антпесе мындай сүрөттөр дисквалификацияланып калат. Кээде бул оңой эле (эгерде бул белгилүү жана таанымал жер болсо), бирок бул дайыма эле андай эмес. Бирок, координаттарсыз эл аралык команда бардык сүрөттөрдү текшерип, сүрөттүн конкурстун талаптарына ылайык келгенин текшере албайт.
  • Менин камерам автоматтык түрдө координаттарды көрсөтпөйт
Биз (википедиячылар) сүрөттүн так жайгашкан жерин кааласак да, бул ар дайым мүмкүн эмес экенин түшүнөбүз: качанкы бир саякаттан калган жалгыз сүрөттү сканерлөө же эски түзмөкүн бар болушу. Бул учурда аймактын же корголуучу жердин координаттарын кошуу керек (адатта анын борборун кошууга болот).
  • Эгер координаттарды кошуу жок болуу коркунучунда турган түрлөргө зыян алып келерин сезип жатсам, эмне кылышым керек?
Эгерде жергиликтүү уюштуруучулар координаттарды жок кылуу менен сейрек кездешүүчү түрлөрдү коргоону чечкен болсо, анда бул туурасында маалыматтарды жана жүйөлүү себептерди эл аралык командага $ 1 аркылуу жөнөтүшү керек.
  • Айрым аймактарда кирүү акылуу болсо эмне кылышыбыз керек?
Кирүү акысы төлөнүүчү аймактардан алынган сүрөттөр башка сүрөттөр сыяктуу эле бирдей даражада кабыл алынат. Биз кимдир бирөөгө сүрөт тартууга деп мүмкүнчүлүк жаратып берүүгө төлөп бере албайбыз. Тескерисинче, биз аларды кирүү акысын төлөп, андан соң сүрөткө алууга үндөйбүз.
  • Конкурска флора, фауна же башка табигый объекттердин (мисалы, үңкүрлөр жана пляждар) сүрөттөрү катыша алабы?
Бул табигый объекттер табигый мурастардын экосистемаларынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Эгер алар корголуучу аймакта тартылган болсо, аларды жүктөөгө чакырабыз. Сүрөтүңүздө белгилүү бир аймактын жалпы өкүлү, түрү аныкталган жана координаттары бар болсо, жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин эске алыңыз.
  • Сүрөттөрүмө таанытма белгисин коё аламбы?
Таанытма белгиси менен сүрөттөр сынакка катышуудан четтетилбейт, бирок жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү азыраак болот. Көңүл буруңуз, эгер сүрөтүңүз жеңүүчү деп табылса, сизди таанытма белгисин алып салып кайрадан жүктөөңүздү сурап калышы мүмкүн. Таанытма белгилерди колдонуу боюнча кошумча маалыматты Казынанын бул баракчасынан таба аласыз.
  • Мурунку корголуучу жайлардын сүрөттөрү конкурска катышууга укуктуубу?
Жергиликтүү уюштуруучулар мурдагы табигый мурастар аймактарын өзүлөрүнүн укуктуу жерлердин тизмесине киргизүүнү чечиши керек. Ар бир катышуучу өлкө тарабынан жарыяланган тизмелерди текшериңиз. ВЖС уюмунун эл аралык командасы ага каршы эч кандай каршылыктарга ээ эмес, анткени ВЖС миссиясы ал жердин табиятына жана корголушунун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, корголуучу аймактардын (анын ичинде буга чейин мындай статуска ээ болгон жерлердинда) сүрөттөрүнүн эркин базасын түзүүгө жардам берүү.
  • Менин канча сүрөтүм эл аралык деңгээлде жеңишке жетиши мүмкүн?
Эл аралык деңгээлде 20 эң мыкты сүрөттүн ичинен бир автордон экиден ашпаган сүрөтү гана тандалат. Анткени биздин максат - жеңүүчү сүрөттөрдү ар тараптуу кылуу жана ар кайсы региондордон жана авторлордон келген табигый эстеликтердин сүрөттөрүн тартуулоо.

Эскертүүлөр

  1. Координаттары эң негизги шарт эмес, бирок сүрөттөр коруктагы жерден тартылганына күмөндөр болсо керектелет.
  2. Бул минималдуу талап жана андан жогору сапаттагы сүрөттөрдү жүктөө сунушталат.