Викиказына:Локалдаштыруу

From Wikimedia Commons, the free media repository
Jump to navigation Jump to search
This page is a translated version of a page Commons:Localization and the translation is 100% complete. Changes to the translation template, respectively the source language can be submitted through Commons:Localization and have to be approved by a translation administrator.
"COM:LOC" redirects here. For Конгресстин китепканасы тууралуу маалымат, see Commons:Library of Congress.

Shortcuts: COM:I18N • COM:INT

Викиказына — эл аралык болгондуктан, көп тилдүү долбоор. Демейки тил — англис тили болгону менен, долбоор ар тилдүүлөргө арналган.

Интернационалдаштыруу — программалык деңгээлде өзгөртүүлөрдү киргизбестен, ар кандай тилдерге жана жер-жерлерге ыңгайлашуучу программалык камсыздоону иштеп чыгуу процесси. Локалдаштыруу — кайсы бир жерге мүнөздүү компоненттерди кошуу жана текстти которуу аркылуу интернационалдаштырылган программалык камсыздоону белгилүү бир аймакка же тилге ылайыкташтыруу процесси. Викиказынаны интернационалдаштыруу жана локалдаштыруу аракеттери бир нече багытта жүргүзүлөт:

  1. Программалык камсыздоо:
    1. МедиаВики кыймылдаткычы (жана Викиказына колдонгон кеңейтмелери);
    2. МедиаВики интерфейсинин жөндөлүүчү бөлүктөрү;
    3. колдонуучулук скрипттер (айрыкча, жеке параметрлериңиз аркылуу орнотулуучу гаджеттер).
  2. Мазмун:
    1. долбоор барактары;
    2. мазмун барактары (файлдар, категориялар, галереялар);
    3. мазмун жана долбоор барактарында колдонулуучу калыптар.

Программалык камсыздоо

МедиаВикинин демейки билдирмелери

МедиаВики — Викиказынаны иштеткен программалык камсыздоо. МедиаВики интерфейсин (интерфейстин котормолору МедиаВкики менен кошо орнотулат) которуу Translatewiki платформасында жүргүзүлөт.

МедиаВикинин белгилүү бир билдирмесин табуу үчүн translatewiki:Special:Translations/MediaWiki: шилтемеси боюнча өтүп, билдирменин аталышын териңиз. Ал эми МедиаВикинин белгилүү бир билдирмесинин аталышын аныктоо үчүн билдирмени камтыган барактын URL дарегине ?uselang=qqx дегенди кошуңуз. Барак кайра жүктөлгөндөн кийин билдирмелердин тексттери ордуна алардын аталыштары көрүнүп калат (Викиказына:Локалдаштыруу барагынын мисалында).

МедиаВикинин белгилүү бир билдирмесинин текстин Викиказынанын өзүнөн да көрсө болот, ал үчүн {{int:билдирменин аталышы}} деп жазуу керек (мисалы, {{int:edit-conflict}} MediaWiki:Edit-conflict/ky билдирмесинин текстин көрсөтөт). МедиаВикинин которулган билдирмелери тиешелүү тил коду менен коштолгон суббарактарда камтылат, мисалы MediaWiki:edit-conflict/de же MediaWiki:edit-conflict/fr. Жок (анын ичинде туура эмес жазылган) билдирмелер учтуу кашааларга алынат (<билдирменин аталышы>). Мисалы, {{int:license}} дегендин ордуна {{int:licensing}} деп туура эмес жазылып калса, ⧼licensing⧽ натыйжасына алып келет.

Калыптарда колдонуу пайдалуу болушу мүмкүн МедиаВикинин айрым билдирмелери Commons:Localization/useful MediaWiki messages барагында келтирилген. Дагы караңыз: mw:Localisation жана тутумдук билдирмелер.

Викиказынанын МедиаВикиси: ылайыкташтырылган билдирмелер

МедиаВикини коштогон демейки билддирмелерин жергиликтүү деңгээлде өзгөртсө болот.[1] Мындан тышкары, локалдаштывруу максатында MediaWiki: аталыш мейкиндигинде таптакыр жаңы билдирмелерди түзсө болот. Эки учурда тең, аталган «жергиликтүү билдирмелер» Викиказынада гана жеткиликтүү.

  • mw:Help:System messageMediaWiki: аталыш мейкиндигиндеги тутумдук билдирмелер боюнча МедиаВикинин маалымдамасы. Эң негизгиси: которуу (көбүнчө) /xx суббарактары аркылуу жүзөгө ашырылат. Мисалы, MediaWiki:Summary — викинин демейки тилиндеги билдирме (Викиказына үчүн en), ал эми MediaWiki:Summary/ky — билдирменин кыргыз тилине котормосу, ал кыргыз тилиндеги интерфейсте көрсөтүлөт. {{MWheader}} калыбы Mediawiki talk: аталыш мейкиндигинин барактарында колдонулуп, тийиштүү билдирменин котормолорун тизмелеп көрсөтөт (МедиаВикинин демейки билдирмелеринен айырмаланган учурларда гана).
  • Template:MediaWiki messages– негизги тутумдук билдирмелерди келтирет. Дагы караңыз: Англис Википедиясындагы en:Template:MediaWiki messages (адатта, билдирмелердин талкуу барактарында сыпаттама келтирилген).
  • MediaWiki:Common.js– кол тамгаларды локалдаштырат.
  • Help:Gadget-ImprovedUploadForm– жүктөө таризин локалдаштыруу тууралуу (Special:Upload).

Колдонуучулук скрипттер

Мазмун

Commons:Translation possible/Learn more — сүрөттөрдөгү тексттерди которуу тууралуу.

Долбоор барактары

Долбоор барактарын (Commons: менен Help: аталыш мейкиндиктериндеги барактар) которуу маанилүү. Викиказынага жаңы келген колдонуучу долбоорду жана анын максатын жакшы билбеши мүмкүн. Долбоор барактарында Викиказынанын алкагы, кандай мазмун жарактуу жана кайсынысы жарактуу эмес экени, чыгармаларды кантип жүктөө жана кайсы эрежелерди аткаруу керектиги түшүндүрүлөт.

Которууну талап кылган маанилүү барактар:

Мазмун барактары

Мазмун барактары — категориялар, галереялар жана файлдардын сыпаттама барактары. Аларды локалдаштыруу процесси эки элементтен турат:

  1. Стандарттуу текст элементтери, адатта, тийиштүү калыптарга салынат. Мисалы, категория ар кайсы тилдеги «дагы караңыз‎»‎ деген текстти көрсөтүүчү {{See also}} калыбын камтышы мүмкүн. Кээ бир учурларда, {{int:mediawiki-message-name}} аркылуу МедиаВикинин бөлүгү болгон стандарттуу саптарды колдонсо болот.
  2. Стандарттуу эмес текст элементтери которуу калыптарына салынып, түздөн-түз баракка жайгаштырылат. Ошондо котормо кошулганда, программалык камсыздоо аларды тааный алат. Ал үчүн адатта, кадимки тил калыптары же {{LangSwitch}} же {{Mld}} калыптары колдонулат.

Калыптар

Калыптар — ондогон, миңдеген, атүгүл миллиондогон барактарда колдонулуучу текст саптары. Көп колдонулган калыптарды которуу менен англис тилин билбегендерге же өз эне тилинде маалымат алгысы келгендерге Викиказынаны жеткиликтүү кылса болот. Мисалы, Template:Information калыбы эки миллиондон ашуун файлдардын сыпаттама барактарында колдонулат. Ал бир нече сап текстти эле чыгарат, бирок анын котормосу бул барактардагы маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Бирок, бардык калыптарды которуу мүмкүн эмес, кээ бирлери которулууга жатпайт.

Калып интернационалдаштырылган болсо, аны которуу ыкмасы түшүнүктүү же документациясында баяндалышы керек. Калып интернационалдаша элек болсо, төмөнкү бөлүмдү караңыз.

Эң көп которулуучу калыптар жана модулдар.

Мазмунду интернационалдаштыруу ыкмалары

Интернационалдаштыруунун негизги ыкмалары:

  1. автокоторуу — котормолорду сактоо үчүн стандарттуу форматындагы /xx тил коддору менен коштолгон суббарактарды колдонгон {{Autotranslate}} калыбын колдонуу.
  2. LangSwitch — которулуп жаткан барактын же калыптын өзүндө котормолорду сактоочу {{LangSwitch}} калыбын колдонуу;
  3. жөнөкөй тизме — барактын башка тилдеги нускаларына шилтемелер;
  4. тил калыптарыВикиказына:Тил калыптары барагында келтирилген калыптарды колдонуу;
  5. көп тилдүү тегдер — башка калыптарда колдонуу үчүн көп кездешкен тексттерди которууга арналган калыптар;
  6. МедиаВикинин билдирмелери — айрым учурларда, {{int:МедиаВики-билдирмесинин-аталышы}} аркылуу программалык камсыздоонун бир бөлүгү болгон стандарттуу саптарды колдонсо болот.

Татаал калыптарда көбүнчө {{Autotranslate}}, ал эми жөнөкөйрөөк калыптарда {{LangSwitch}} колдонулат. Мазмун барактарда МедиаВикинин бир нече билдирмелерин колдонуу менен LangSwitch же тил калыптары кеңири колдонулат. «‎Жөнөкөй тизме» ыкмасы негизи Викиказынанын долбоор барактарында колдонулат. Көп тилдүү тегдер жана МедиаВикинин көпчүлүк билдирмелери адатта калыптарда гана колдонулат. Мисалы, {{TemplateBox}} калыбы колдонулган интернационалдаштыруу ыкмасына жараша калыпты которуу боюнча стандарттуу көрсөтмөлөрдү берүү менен калыптын документациясы түзүүнү жеңилдетет.

Дагы бир ыкманы талкуу барактарынын калыптарын түзүүчү {{Talkbox}} калыбынан көрсөңүз болот (мисалы, {{Permprot}}). Бул ыкмада котормолор чакыруучу калыптын суббарактарында сакталат, {{Talkbox}} калыбы болсо мазмунду зарылдыкка жараша өзгөртүп турат. Бул ыкма автокотормого окшош, бирок суббарактарды жөндөө бир аз башкача жана /layout суббарагы жок.

Автокоторуу

Башка

  • {{LangSwitch}} кээ бир калыптарды локалдаштыруу үчүн колдонулат. Мисалы, {{Shortcut}} калыбынын көмөкчү {{Shortcut text}} калыбында. Башка мисал, File:Boucher renaud et armide louvre.jpg колдонулуучу {{Académie Royale de Peinture, Sculpture et Architecture}} калыбы.
  • Жөнөкөй тизме: кээ бир калыптар/категориялар которулган аталышына ээ болууга мүмкүнчүлүк берген жөнөкөй тизме ыкмасы менен локалдаштырылган (мисалы, {{Lang-CatHelp}}). Тизме калыбына шилтеме {{Header}} менен берилиши керек. Мисалы, {{header|Lang-CatHelp}}.
  • Тил калыптары галереяларды, категорияларды, файлдарды сыпаттаган барактарда колдонулат. Ар бири тилдин ISO коду. Мисалы, {{en|English description}}.
    • {{Multilingual description}} калыбы ар бир тилге котормону параметрлеринде камтыйт, андыктан ар бир баракка бир эле {{Multilingual description}} калыбы жетиштүү.
    • {{Mldcat}} калыбы категория барактарында колдонууга ылайыкталган, бирок учурда js/css менен иштебегени үчүн толук фунционалдуу эмес жана эксперименталдуу болуп саналат.
  • Көп тилдүү тегдер: көп тилдүү тегдер деп аталуучу калыптар белгилүү бир категориядагы билдирмелерди локалдаштырат. Мисалы, {{Language}} калыбы тилдердин аталыштарын которот. {{CountryAdjective}}, {{Occupation}}, {{NationAndOccupation}}, {{Country}} сыяктуу функцияларды аткарат. Адатта {{LangSwitch}} колдонуу менен аталыштарды, сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү которгон башка калыптар Multilingual tags категориясына категорияланат. {{Multilingual link}} Википедиянын ошол эле макаласынын ар кайсы тилдеги нускаларынын аталыштарын жана колдонуучунун интерфейсинин тилиндеги бир шилтемени көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Дагы караңыз: Help:Creating multilingual tags with interwiki links.
  • МедиаВики билдирмелери: МедиаВикинин демейки билдирмелери аркылуу же ыңгайлаштырылган билдирмелерди түзүү аркылуу которуу. Жогорудагы #MediaWiki default messages жана #Commons MediaWiki: namespace custom messages бөлүмдөрүн караңыз.

Эскертмелер

  1. «Демейки билдирмелер» — МедиаВикини бир бөлүгү катары коштогон жана mw:Extension:WikimediaMessages кеңейтмесинин wm- түрүндөгү кошумча билдирмелери (мисалы, MediaWiki:wm-license-information-description).

Дагы караңыз

Жардам

Локалдаштыруу боюнча жардам ➜ Жардам тактасы