Быйыл Кыргызстан биринчи жолу белгилүү Вики жерди сүйөт фото сынагына катышат. Бул сынак жаратылыш мурастарына арналган жана дүйнөнүн бардык жеринде өткөрүлөт. 2024-жылы ага 54 мамлекет катышат жана Кыргызстан алардын бири!
Шарттар
Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сүрөткө тартып, Викиказынага жүктөңүз.
Тизмеде көрсөтүлгөн жаратылыш аймактарында тартылган сүрөттөр гана кабыл алынат. Жаратылыш аймактарынын тизмеси уюштуруучулар тарабынан үч тилде берилген: кыргызча, орусча жана англисче.
Сүрөттөрдү өзүңүз тартып, CC-BY-SA-4.0 сыяктуу эркин лицензия астында жарыялашыңыз керек.
Сүрөттөр ар кандай убакытта тартылышы мүмкүн, бирок 10-майдын саат 00:00нөн 20-июндун саат 23:59уна (UTC+6) чейин жүктөлүшү керек.