Викиказына:Вики Жерди Сүйөт 2024 Кыргызстанда/Эрежелер

From Wikimedia Commons, the free media repository
Jump to navigation Jump to search
This page is a translated version of a page Commons:Wiki Loves Earth 2024 in Kyrgyzstan/Rules and the translation is 100% complete. Changes to the translation template, respectively the source language can be submitted through Commons:Wiki Loves Earth 2024 in Kyrgyzstan/Rules and have to be approved by a translation administrator.
Вики жерди сүйөт 2024 – Кыргызстанда! Кош келиңиздер!
Башкы бет Эрежелер Катышуу Жүктөлгөн сүрөттөр Статистика Жыйынтыктар Эл аралык этап
«Вики жерди сүйөт — 2024» Кыргызстанда. Кош келиңиздер!
Башкы бет Эрежелер Катышуу
Жүктөлгөн сүрөттөр Жыйынтыктар Эл аралык этап
See also: Эл аралык сынактын эрежелери.

Катышуучулар

  • Бул сынакка баардык каалочулар катыша алат.
  • Сынакка катышуу үчүн, сиз Вики Казынага жергиликтүү колдонуучу катары же Викимедиа глобалдык баракчаңыз аркылуу кирүүңүз зарыл. Кантип баракча ачууна бул жактан билсеңиз болот.
  • Катышуучу өзүнүн баракчасынын Орнотууларда «электрондук дарегин активдештирген» болушу зарыл. [1] Байланыш маалыматтары (колдонуучунун баракчасында электрондук даргеи же жана башка байланыш маалыматтары) жок катышуучулардын сүрөттөрүн касылтар жеңүүчү деп тапса дагы сыйлыктарын алуугада, эл аралык деңгээлге чыгууга дагы мүмкүнчүлүк ала алышпайт. Эгер сиз электрондук дарегиңизди туура активдештирген болсоңуз "Бул колдонуучуга кат жөнөтүү" шилтемеси сиздин колдонуучу баракчаңыздын сол жагында пайда болот. Эскертүү: сиздин электрондук дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт жана баардык электрондук каттар дарегиңизди көрсөтпөстөн, Викимедианын каттар формасын колдонуу аркылуу жөнөтүлөт.
  • Баардык катышуучулар сүрөттөрүн акысыз лицензия менен Creative Commons Attribution-ShareAlike 4.0 Вики Казынанын башка эрежелерине дал келгендей жарыялоого макул болушат.

Сүрөттөр

  • Сүрөттөр каалаган учурда ртылган болушу мүмкүн, бирок 10-майдан 20-июнга чейинки гана аралыкта жүктөлүшү шарт.
  • Бир катышуучу каалаганча сүрөт жүктөсө болот, бирок алардын баары өзүнүн эмгеги болушу шарт. Сиз тартпаган сүрөттөрдүн автордук укуктары жок же автордун мыйзамдуу уруксатын алган болсоңуз да, катышууга болбойт.
  • Сүрөттөр файлдын баракчасында лицензиянын шаблону менен болушу керек (адатта ал автоматтык түрдө кошулат, эгер аны жүктөп жаткан колдонуучу жүктөөнүн биринчи этабында тандаган болсо). Файлдын баракчасында лицензиясыз сурөттөр кабыл алынбайт.
  • Сынакка жүктөлгөн сүрөттөр Кыргызстандын жаратылыш эстеликтеринин учурдагы тизмесинде берилген жерлердин биринен тартылган болушу керек; актуалдуу тизме 3 тилде жеткиликтүү: Кыргызча, Орусча жана Англисче. Бул эрежелер тизмеси сакталганын көрсөтүү үчүн, тиешелүү объекттин картасынын астындагы жүктөө баскычы аркылуу сүрөттөрдү жайгаштыруу сунушталат.
  • Сүрөттүн темасы табиятка байланыштуу болушу зарыл, мисалы пейзаждарга, өсүмдүктөргө, жаныбарларга. Адамдардын, имараттардын, унаалардын сүрөттөрү, эгер алар табигый пейзаждын бөлүгү болбосо, көбүнчө темадан тышкары деп эсептелет.
  • Сүрөттөрдө координаттар болушу шарт. [2]
  • Сүрөттөр жогорку сапатта болуп, туура контрастта, ак түс балансы жана экспозиция орнотуулары менен, 2 мегапиксельден аз эмес болушу шарт. [3] Сапаты төмөн (чапталган, өтө контрасттуу, бурмаланган ж.б.) сүрөттөрдү жүктөөгө болот, бирок алардын жеңишке же эл аралык турга өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок.
  • Жүктөлгөн сүрөттөр Википедиядагы макалаларды визуалдуу көрсөтүү үчүн пайдалуу болушу керек, ошондуктан таанытма белгилер, сүрөттөгү даталар же сүрөттүн колдонулушун кыйындатчуу башка кошулмалар менен сүрөттөргө жол берилбейт.

Жыйынтык

  • Сынак аяктагандан кийин, эл аралык деңгелдин эрежелерине ылайык, калыстыр эки категорияга, пейзаж жана макрого бөлүп, ар биринде 10 сүрөттөн ашпаган 15ке чейин сүрөттөрдү тандап алышат.
  • Бардык сүрөттөр 2 этапта бааланат: биринчи этапта калыстар тобу бардык сүрөттөрдү эрежелерге ылайык карап чыгышат, экинчи этапта сапаттына карап, темага тиешелүүлүгүн жана табият эстелигинин бир бөлүгү экенине жараша бааланат.
  • Калыстар чечими чечүүчү болуп саналат, ага каршы эч кандай апелляциялык арыздар кабыл алынбайт. Эскертүү: биздин тандообуз бир аз субъективдүү болушу мүмкүн жана сүрөттөрүңүз жеңишке жетпей калса - капаланбаңыз! Баардык жакшы сүрөттөр Википедияда жана башка Викимедиа долбоорлорунун сүрөттөрүнө айланып, аларды жүздөгөн, атүгүл миңдеген адамдар көрө алышат. Бул укмуштай сонун эмеспи, туурабы?
  • Учурда сыйлыктар талкууланып жатат.
  • Баардык калыстар тарабынан тандалган сүрөттөр эл аралык турга катышышат.

Башка шарттар

  • Бул эрежелердин тексти Кыргызстан Республикасынын Жарандык кодексинин 457-беренесине ылайык айкын оферта болуп саналбайт.
  • Сынакка катышуу бул эрежелерге толук макул болгондукту билдирет.
  • Уюштуруучулар тазалык принциптерин сактоо үчүн бул эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизе алышат.
  • Сынакка катышуу үчүн жумшалган баардык чыгымдары катышуучунун өз мойнунда болот.
  • Уюштуруучу топтун мүчөлөрү же алардын өнөктөштөрү жүктөгөн сүрөттөр эч кандай сыйлыктарга ээ боло албайт. Эгер алар катышып жаткан болсо, бул башка катышуучуларды колдоо жана жакшы үлгү көрсөтүү менен негизделиши мүмкүн.
  • Уюштуруучу топ үчүнчү тараптардын автордук укук бузууларына эч кандай жоопкерчилик албайт, бирок мындай бузукулук учурлар катталганда аны жок кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрүүгө милдетендирилет. Эгерде сиздин же башка кимдир бирөөнүн автордук укуктары бузулду деп эсептесеңиз, сураныч бизге байланышыңыз!
  • Эгерде сынактын уюштуруучулары өз милдеттерин аткарбаган же туура эмес аткарган болсо жоопкерчиликтерден бошотулат, эгер анын себеби таасир этүүгө мүмкүн болбогон шарттардан улам болсо, мисалы, өрт, сел, башка табигый кырсыктар, согуш, куралдуу кагылышуу, массалык жарандык башаламандыктар, эпидемия, террордук иш-аракеттер ж.б..

Шилтемелер

  1. Биз ошондой эле катышуучуларга колдонуучу баракчасында башка байланыш үчүн даректерин калтырууну сунуштайбыз.
  2. Бул милдеттүү эмес, бирок сүрөт коруктагы жерден алынганынан күмөндөр пайда болуп жатса координаттар керектүү болот. Ошондой эле, эл аралык турга чыгууда координаттары жок сүрөттөр кабыл алынбайт.
  3. 2000×1000 пикселдер же ушуга окшогон нерселер.