Викиказына:Лицензиялоо
Shortcuts: COM:L • COM:LICENSE
Бул барак юридикалык билими жок адамдарга автордук укук мыйзамдарындагы татаал мыйзамдарга жөнөкөй мисалдар менен түшүндүрмө берген окуу куралы. Бул кандайдыр бир сүрөт же медиа файл Викиказына сайтында алгылыктуу экенин аныктоого жардам берүү үчүн арналган. Эгер сиз Викиказына мазмунун, тактап айтканда медиа файлдарды колдонууну каалап жатсаңыз жана файлдарды өз иш-аракеттериңизде кантип туура колдонуу керектиги жөнүндө маалымат издеп жатсаңыз, анда Викиказына:Викиказына мазмунун Викимедиа долбоорлорунан тышкары колдонуу боюнча көрсөтмөлөрдү караңыз.
Викиказына эркин мазмундагы материалдарды гана кабыл алат (коомдук энчиде турган же лицензиялардын биринин шарттарында жарыяланган), башкача айтканда автордук укук боюнча чектөөлөргө дуушар болбогон, аларды кимдир бирөө, каалаган убакта, каалаган максатта пайдалануусуна тоскоол болбогон сүрөттөр жана башка медиа файлдар. Бирок, мындай материалдарды колдонуу автордук укукка байланыштуу эмес себептерден улам чектелиши мүмкүн же акысыз лицензиянын өзү дагы атайын талаптарды камтышы мүмкүн. Бул үчүн, сураныч, Викиказына:Автордук эмес чектөөлөрдү караңыз. Ошондой эле, бир мамлекетте автордук укуктун мөөнөтү бүткөн, бирок экинчи мамлекетте дагы деле күчүндө болгон айрым материалдар бар. Айрым маалыматтар төмөндө түшүндүрүлөт. Викиказына мындай файлдардын сыпаттама барагында мындай чектөөлөрдүн эскертилишин камсыз кылууга аракет кылат, бирок медиа файлды ким колдоно турган болсо, медианы колдонуу лицензияга ылайык болушун жана колдонуулуучу мыйзамдардын жоболорун бузбагандыгын камсыз кылуу колдонуучулардын милдети.
Викиказына төмөнкү чыгармаларды гана кабыл алат:
- толук эркин лицензияга ээ болуусу шарт, же
- жок дегенде АКШда жана бул чыгарманын булагы болгон өлкөдө коомдук энчиде болуусу керек.
Викиказына материалдарды ак ниет пайдалануу шартында кабыл албайт. Викиказына:Ак ниет пайдалануу барагын караңыз. "Коммерциялык эмес гана" лицензиялар менен гана лицензияланган (CC-NC-SA сыяктуу) медиа файлдар да кабыл алынбайт.
Сүрөт же медиа файлга тиешелүү болгон лицензия файлдын сыпаттама баракчасында автордук укук белгиси аркылуу (атайын лицензия калыптарынын бири менен) так көрсөтүлүшү керек. Тандалган лицензия үчүн талап кылынган бардык маалыматтар файлды сыпаттоо барагында болушу керек. Сыпаттама баракчасында берилген маалымат башкаларга лицензиянын статусун текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн жетиштүү болушу керек. Бул файлды жүктөп жатканда, жүктөө формасындагы атайын талааларды толтуруп, түздөн-түз жасалат.
Эгер сиз автордук укуктун ээси болсоңуз жана уруксатты тастыктагыңыз келсе, анда электрондук почта калыбын колдонуп, аны электрондук почта VRT аркылуу жөнөтүңүз.
Уруксат берилген лицензиялар
Автордук укук лицензиясы – бул автордук укук менен корголгон чыгарманы ким жана кантип колдоно алаарын көрсөткөн расмий уруксат документи. Лицензияны автордук укуктун ээси, көбүнчө автор (фотограф, сүрөтчү же ушул сыяктуу) гана бере алат.
Викиказына сайтындагы бардык материалдар (коомдук энчидеги материалдар эмес) ар бир адамга материалдарды ачык жана кайтарылгыс түрдө каалаган максатта колдонууга мүмкүндүк берүүчү акысыз лицензиянын шарттарында берилиши керек. Жөн эле “бул чыгарманы каалаган адам ээн-эркин колдонушу мүмкүн” деген сөздү жазуу аздык кылат. Атап айтканда, лицензия төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
- Кайра басып чыгарууга жана жайылтууга уруксат берилиши керек;
- Туунду чыгарманы жарыялоого жана басып чыгарууга уруксат берилиши керек;
- Чыгарманы коммерциялык максатта пайдаланууга уруксат берилиши керек;
- Лицензия мөөнөтсүз (жарактуулук мөөнөтү бүтпөй турган) жана кайра кайтарылып алынбай турган болушу керек;
- Чыгарманын бардык авторлорун (анын ичинде файлды оңдоого катышкандарды) атап өтүү талап кылынышы мүмкүн;
- Ошол эле лицензиянын алкагында туунду чыгарманы жарыялоо талап кылынышы мүмкүн;
- Санариптик жайылтуу үчүн санариптик чектөөлөрдү башкаруусу жок ачык файл форматтарын колдонуу (DRM) талап кылынышы мүмкүн.
Кээде авторлор эркин лицензиянын астында сүрөттүн же видеонун сапаты төмөн же начарраак версиясын чыгарууну каалашат, ал эми жогорку сапаттагы версияларга катаал шарттарды колдонушат. Бул түшүнүксүз, мындай айырмачылык мыйзам тарабынан колдоого алынабы же жокпу белгисиз, бирок Викиказынанын саясаты автордук укук ээсинин сапаты төмөн версияларды гана жарыялоо ниетин урматтоо болуп саналат.
Лицензия сүрөттөргө же башка медиа файлдарга төмөнкү шарттарды койбошу керек:
- Викимедиа ичинде гана колдонуу;
- Коммерциялык эмес, билим берүү, жеке же редакциялык максатта гана колдонуу;
- "Ак ниет пайдалануу" деп аталган шарттарда колдонуу;
- Чыгарманын бардык же айрым бөлүгүн пайдалануу жөнүндө авторго кабарлоо талабы.
Мисалы: төмөнкүлөргө жалпысынан жол берилбейт:
- Өзү эркин лицензияга кирбеген программалык камсыздоонун скриншоттору. Бирок, GPL же ушуга окшош эркин программалык камсыздоо лицензиясы боюнча программалык камсыздоонун скриншоттору жалпысынан жакшы деп эсептелет. Викиказына:Скриншотторду караңыз.
- TV/DVD/видео оюндун скриншоттору. Викиказына:Скриншотторду караңыз.
- Автордук укук менен корголгон искусство чыгармаларынын сканерлери же репродуктивдүү сүрөттөрү, өзгөчө китеп мукабалары, альбом/CD мукабалары ж.б. Кошумча маалымат үчүн Викиказына:Туунду чыгармаларды караңыз.
- Автордук укук менен корголгон символдор, логотиптер ж.б. Бул жерде (соода белгилери менен чаташтырбоо керек.)
- Мультфильм же кино каарманы сыяктуу автордук укук менен корголгон чыгарманы чагылдырган моделдер, маскалар, оюнчуктар жана башка объекттер (белгилүү бир ролго карабастан, белгилүү бир актер эмес). Викиказына:Туунду чыгармаларды караңыз.
Викиказына автордук укук менен корголбогон (тактап айтканда коомдук энчиде болгон) чыгармаларды жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Сураныч, коомдук энчи материалдарына байланыштуу төмөнкү бөлүмдү окуп чыгыңыз.
Дал ушундай лицензиялык эрежелердин жүйөсү өзүнчө Викиказына документинде келтирилген: Викиказына:Лицензиялоо/Негиздөө
Көп лицензиялуулук
Жогоруда сүрөттөлгөн акысыз лицензия критерийлерине жок дегенде бирөө жооп берген шартта, сиз каалаган файлга каалаганча лицензия бере аласыз. Мисалы: файлдар Creative Commons Attribution-ShareAlike (критерийлерге жооп берет) жана Attribution-NonCommercial (критерийлерге жооп бербейт) менен тең лицензияланышы мүмкүн. Бул учурда кайра колдонуучуларга ылайыктуу лицензия (ShareAlike) менен туунду файлдарды түзүүгө же лицензиялоонун башка формаларын колдонууга жана коммерциялык эмес колдонуу менен чектелүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Акыркысын тандаган кайра колдонуучу, анын туунду ишин Викиказынага жүктөй албайт, анткени Attribution-NonCommercial акысыз лицензиянын критерийлерине жооп бербейт.
Чектелген лицензиялар менен көп лицензиялоо башка долбоорлордун лицензиялык схемасы менен шайкеш келүүсү үчүн жакшы болушу мүмкүн. Ошондой эле, көп лицензиялоо туунду чыгармаларды жараткандарга, эгерде алар кааласа, аларды чектөөчү лицензиялар боюнча гана чыгарууга мүмкүндүк берет, башкача айтканда, туунду чыгармаларды жаратуучуларга түпнусканы кайра иштетүү үчүн кайсы лицензияны колдоно ала тургандыгы боюнча көбүрөөк эркиндик берет. Викиказына:Көп лицензиялуулук.
Белгилүү лицензиялар
Төмөнкү белгилүү лицензиялар Викиказынадагы материалдар үчүн артыкчылыктуу:
- Creative Commons Attribution/ShareAlike licenses
- GNU General Public License (GPL) / GNU Lesser General Public License (LGPL)
- Free Art License/Licence Art Libre (FAL/LAL)
- Open Data Commons, эркин лицензияланган маалымат базалары үчүн, анда мазмун да акысыз же эркин лицензиянын алкагында жеткиликтүү же маалымат базасынын өзүнөн бөлүүгө мүмкүн эмес[1].
Creative Commons логотиптери жана лицензия аттары | Кыскартуулар (аббревиатуралар) жана версиялар | Бул лицензияны Викиказынада колдонсо болобу? | Эскертүүлөр |
---|---|---|---|
Коомдук энчи | CC Public Domain Mark 1.0 | Негизинен болот | Көбүнчө Flickr сүрөттөрүндө кездешет жана көпчүлүк учурларда эркин лицензияланган деп эсептелет. Төмөндө коомдук энчи бөлүмүн караңыз. |
Нөлдүк коомдук энчи, "Укуктар сакталбайт" | CC0 | Ооба | |
Атрибуция | CC BY (1.0 2.0 2.5 3.0 4.0) | Ооба | |
Attribution-ShareAlike | CC BY-SA (1.0 2.0 2.5 3.0 4.0) | Ооба | |
Attribution-NonCommercial | CC BY-NC (1.0 2.0 2.5 3.0 4.0) | Жок | |
Attribution-NonCommercial-NoDerivs | CC BY-NC-ND (1.0 2.0 2.5 3.0 4.0) | Жок | |
Attribution-NonCommercial-ShareAlike | CC BY-NC-SA (1.0 2.0 2.5 3.0 4.0) | Жок | |
Attribution-NoDerivs | CC BY-ND (1.0 2.0 2.5 3.0 4.0) | Жок | |
Символдор жөнүндө эскертүүлөр | |||
|
- Мындан тышкары коомдук домендеги материалдар кабыл алынат (төмөндө караңыз).
Көбүрөөк лицензияларды көрүү үчүн Викиказына:Лицензия тэгдерин караңыз.
Тыюу салынган лицензиялар
Акысыз маданий чыгармалар аныктамасына жооп берген лицензия боюнча жеткиликтүү эмес чыгармаларды жайгаштырууга тыюу салынат. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Викимедиа Фондунун лицензиялоо боюнча кеңештин токтомун караңыз.
Бүткүл дүйнөлүк желеде (интернетте) көп кездешкен, бирок Викиказынада тыюу салынган лицензиялардын мисалдары:
- Creative Commons Non-Commercial Only (-NC) лицензиялары
- Creative Commons No-Derivatives (-ND) лицензиялары
- Лицензиясы жок материалдар, алар ак ниет пайдалануу, адилеттүүлүк же башка ушул сыяктуу юридикалык баш тартуу шарттарында гана колдонулушу мүмкүн (себептерин төмөндө караңыз)
- GNU Free Documentation License (GFDL), белгилүү бир шарттарда (төмөндө караңыз)
Уруксат берилбеген лицензиялар Викиказынада колдонулушу мүмкүн, эгерде чыгарма бир эле учурда бир нече лицензиянын жок дегенде бир уруксат берилген лицензиянын алкагында гана көп лицензияланган болсо.
Эгер белгилүү бир чыгарма туура эмес лицензияланган болсо, автордон чыгармасын акысыз лицензиянын негизинде чыгарууну сураныңыз. Мисалы: CC BY (Creative Commons Attribution лицензиясы) же [ https://creativecommons.org/licenses/by-sa/3.0 CC BY-SA] (Creative Commons Attribution-ShareAlike).
GNU Free Documentation License (Акысыз документация лицензиясы)
GNU Акысыз документация лицензиясы (GFDL) лицензиясын колдонуу көпчүлүк медиа файлдар үчүн, айрыкча басма басылмалары үчүн практикалык эмес, анткени ал лицензиянын толук текстин чыгарма менен кошо жарыялоону талап кылат. Ошондуктан, сүрөттү же текстти оңой колдонууга мүмкүндүк бере турган ыңгайлуу лицензияны кошуп, кош лицензия астында чыгармаларды жарыялоо артык. Ошондой эле, GPL жана LGPL лицензияларын өзүңүздүн чыгармаларыңыз үчүн жалгыз лицензия катары колдонбоңуз, анткени алар программалык камсыздоодон башка эч нерсеге ылайыктуу эмес.
Төмөнкүлөрдүн баары бар болсо, GFDLге жалгыз жарактуу лицензия катары уруксат берилбейт:
- Мазмун 2018-жылдын 15-октябрында же андан кийин лицензияланган. Түзүлгөн же жүктөө датасы эмес, лицензиялоо датасы каралат.
- Мазмун негизинен сүрөт, көркөм сүрөт, чийме, аудио же видео.
- Мазмун GFDL программалык колдонмосунан алынган программалык логотип, диаграмма же скриншот эмес.
Лицензия маалыматы
Викиказынадагы бардык сыпаттоо барактарында материал кайсы лицензия боюнча жарыяланганы так көрсөтүлүшү керек. Демек, алар лицензия талап кылган маалыматтарды (автор ж.б.), ошондой эле лицензиянын статусун текшерүү үчүн башкалар үчүн жетиштүү маалыматты камтууга тийиш - ал тургай лицензиянын өзү же автордук укук боюнча мыйзам муну талап кылбаса да.
Тактап айтканда, лицензия талап кылса да, кылбаса да сыпаттама барагында төмөнкү маалымат дайыма көрсөтүлүшү керек:
- Материал жарыяланган лицензия. Ал бир же бир нече атайын автордук укук теги калыптары аркылуу көрсөтүлүшү керек.
- Материалдын булагы. Эгерде файл автор тарабынан жүктөлгөн болсо, анда бул ачык көрсөтүлүшү керек (мисалы: "Жүктөөчү тарабынан түзүлгөн", "Өз алдынча жасалган", "Өз иши" ж.б.). Болбосо, мүмкүн болсо, желе (интернет) шилтемеси же толук булак чыгарылышы керек. Эскертүү: "Википедиядан которулду" сыяктуу сөз айкаштары көбүнчө туура булакты көрсөтпөйт, бирок ал алгач жарыяланган долбоорду гана көрсөтөт. Мындай учурларда, баштапкы тышкы булагы келтирилиши керек.
- Сүрөттүн же медиа файлдын Автору/Жаратуучусу. Автордук укуктун мөөнөтү бүткөндүктөн коомдук энчиде деп эсептелген материал үчүн автордун өлгөн күнү көбүнчө маанилүү болуп саналат. (Төмөндөгү коомдук энчидеги материал жөнүндө бөлүмүн караңыз). Кадимки лицензия калыбы жөн гана файлды жүктөгөн адам буга укугу бар деп болжолдойт (мисалы: {{PD-self}} караңыз) жана бул талапты алмаштырбайт. Автор анонимдүү калууну кааласа, же автору белгисиз болуп, бул бир гана өзгөчөлүктөр болуп саналат. Автору белгисиз, бирок чыгарманын чындап эле коомдук энчиде экенин көрсөтүү үчүн жетиштүү маалымат бар болгон айрым учурларда (мисалы: түзүлгөн/жарыяланган датасы) өзгөчө жагдай болуп саналат.
Анча маанилүү эмес, бирок мүмкүн болсо көрсөтүлүшү керек:
- Сүрөттүн же башка медиа файлдын сыпаттамасы. Сүрөттүн темасы кандай? Ал эмнеден? Ал кантип түзүлгөн?
- Датасы жана түзүлгөн жери. Мөөнөтү өтүп кеткен автордук укукту коргоонун негизинде коомдук энчиде деп эсептелген медиафайлдар үчүн түзүлгөн дата көбүнчө маанилүү болуп саналат (төмөндөгү коомдук энчи жөнүндө бөлүмдү караңыз). Кээде өлкөдө биринчи жолу басылган күнү маанилүү.
Сүрөттөмөнүн бул пункттарын маалыматтык картаны колдонуу аркылуу эң ыңгайлуу жасоого болот. Бул калыптарды колдонуу үчүн Викиказына:Биринчи кадамдар/Сапат жана сүрөттөмө караңыз.
Лицензиялоонун алкактары
Кээ бир учурларда документтин (медиа файлдын) лицензияланышы мүмкүн болгон жана берилиши керек болгон бир нече аспектилери болушу мүмкүн: чыгарманын маанилүү бөлүгүнө салым кошкон ар бир адам жыйынтыкка укук алат, ал эми алардын бардыгы акысыз лицензиянын негизинде өз салымын бериши керек. Көбүрөөк маалымат үчүн туунду чыгармаларды караңыз. Бирок коргоонун чек аралары бүдөмүк жана ар бир өлкөдө ар кандай болушу мүмкүн. Бул жерде кээ бир иллюстративдик мисалдар келтирилген:
- Музыкалык жаздыруу үчүн төмөнкү аспектилер эске алынышы керек жана алардын ар бири эркин лицензиянын астында (же коомдук энчиде) болушу керек:
- Музыканын партитурасы (композитордун укуктары)
- Ырдын сөзү (жазуучунун укуктары)
- Аткаруу (аткаруучулардын укуктары)
- Жазуу (техникалык персонал / жаздыруучу компаниянын укуктары)
- Көркөм чыгарманын сүрөтү үчүн (ошондой эле китептин мукабалары жана ушул сыяктуулар) да ушундай эле:
- Түпнуска көркөм чыгарманын жаратуучусу бардык репродукцияларга жана туунду чыгармаларга укуктуу.
- Фотографтын сүрөткө укугу бар, эгерде ал оригиналдын жөнөкөй репродукциясы болбосо.
- Имараттын же коомдук искусствонун сүрөтү (скульптуралык эстелик же дубал сүрөтү сыяктуу) архитектуралык же көркөмдүк өзгөчөлүктөргө ээ болсо, архитектор же сүрөтчү кандайдыр бир укуктарга ээ болушу мүмкүн экенин эске алыңыз. Ошондой эле Викиказына:Ачык понарама саясатын да караңыз.
Эгерде искусство чыгармасы сүрөттөлүштүн (образдын) негизги мазмуну болбогон же так таанылбаган учурлар көп көйгөй жаратат. Адатта, мындай учурда пайда болгон сүрөттү (жазууну ж.б.) жаратуучу гана автордук укукка ээ болот. Мисалы: музейдеги адамдардын тобун сүрөткө тартып жатканда, дубалда сүрөттөр да көрсөтүлүшү мүмкүн. Мындай учурда ал сүрөттөрдүн автордук укугу эске алынбайт. Бирок, бул айырмачылыкты жасоо оңой эмес. Викиказына:Минималдуу нерселер жөнүндө (De minimis) барагында бул түшүнүк тууралуу көбүрөөк маалымат бар.
Лицензия бардык аспектилери жагынан аныкталып, так көрсөтүлүшү керек экенин эске алыңыз. Ошондой эле туунду чыгармалардын (репродукциянын) көпчүлүк түрлөрү туунду чыгарма жасаган адамга жаңы автордук укуктарды талап кылууга укук бербей турганын эске алыңыз. Санариптик сүрөттүн / туунду чыгарманын жаратуучусу пайда болгон санариптик сүрөткө эч кандай жаңы автордук укукка ээ эмес. Түпнуска сүрөттүн автордук укугу гана эске алынууга тийиш. Бул Скриншоттор үчүн да тиешелүү.
Коомдук энчидеги материал
CC0 сыяктуу лицензиянын негизинде жарыяланган материал, коомдук энчидеги материалга барабар деп эсептелет. Коомдук энчиде “оригиналдуулуктун босогосуна” жетпеген майда-чүйдө иштер, ошондой эле расмий документтер камтылган. Дүйнө жүзү боюнча бир нече өкмөттөр, анын ичинде Америка Кошмо Штаттарында, Калифорния жана Флорида штаттарынын федералдык жана штаттык өкмөттөрү өздөрүнүн эмгектеринин көбүн, анын ичинде мамлекеттик документтеринин көбүн коомдук энчиде жарыялашат. Англисче википедиянын коомдук энчи материалдар боюнча көрсөтмөсү бул чөйрөдөгү көптөгөн өзгөчөлүктөрдү тагыраак аныктайт.
Викиказына сайтында коомдук энчиде болгон материалдарды, башкача айтканда, жогорудагы шарттарга жооп берген, автордук укук менен корголбогон же автордук укуктун мөөнөтү бүткөн документтерди жарыялоого уруксат берилет. Бирок, “коомдук энчи” түшүнүгү татаал: автордук укук мыйзамдары ар бир өлкөдө ар кандай болот жана чыгарма бир өлкөдө коомдук энчиде болушу мүмкүн, бирок башка өлкөдө автордук укук менен корголушу мүмкүн. Кээ бир минималдуу стандарттарды белгилеген Берн конвенциясы сыяктуу эл аралык келишимдер бар, бирок айрым өлкөлөр бул минимумдардан ашып кетүүгө укуктуу. Жалпы эреже боюнча: эгерде чыгарманын автору 70 жылдан ашык убакыт мурун дүйнөдөн өтүп кетсе, анын чыгармалары ал жараны болгон мамлекетте, ошондой эле чыгармасы биринчи жолу жарыяланган өлкөдө коомдук энчиге кирет. Эгерде чыгарма анонимдүү түрдө жарыяланса же жамааттык кызматташуунун натыйжасы болсо (мисалы: энциклопедия), анда ал биринчи жолу жарыялангандан кийин 70 жылдан кийин коомдук энчиге кирет. Эгерде автор кылдат издөөдөн кийин белгисиз бойдон калса, чыгарма түзүлгөндөн кийин 120 жыл өткөндөн кийин коомдук энчиде болот деп болжолдоого болот. Көбүрөөк маалымат үчүн {{PD-old-assumed}} караңыз.
Автордук укуктун 70 жылдык мөөнөтү көптөгөн өлкөлөрдө колдонулат. АКШда абал өзгөчө. Тарыхый жагдайлардан улам Америка Кошмо Штаттарынын татаал эрежелери бар:
- 1929-жылга чейин жарыяланган эмгектер коомдук энчиде.
- 1964-жылга чейин биринчи жолу басылып чыккан чыгармалар үчүн автордук укук жарыялангандан кийин 28 жыл созулган, ошондуктан азыркы учурда бүткөн. Эгерде автордук укуктун ээси чыгарма жарыялангандан кийин 27 жана 28 жыл аралыгында узартуу үчүн кайра арыз бербесе мөөнөтү бүтөт.
Эгер ошол учурда жаңыртылса, автордук укук биринчи жарыялангандан кийин 95 жыл чейин сакталат.
1964-жылга чейин жарык көргөн чыгармалардын басымдуу бөлүгү коомдук энчиге өткөн, бирок автордук укук жаңыртылган эмес деп аныктоо зарыл. 1978-жылы же кийинчерээк жаңыланууларды издөө үчүн АКШнын автордук укук бюросунун веб-сайтынан онлайн издөөнү колдонсоңуз болот. Бул 1951-1963-жылдары жарыяланган чыгармалар үчүн пайдалуу. Google кагаз каталогун сканерлеген, анын ичинде (1923-жылдан 1978-жылга чейин катталган эмгектерди да).
- 1978-жылга чейин биринчи жолу жарык көргөн чыгармалар үчүн: биринчи басылгандан кийин 95 жыл чейин.
- Биринчи жолу 1978-жылы же андан кийин жарык көргөн чыгармалар үчүн: Автордун өлүмүнөн 70 жыл өткөнгө чейин. Анонимдүү чыгармалар же кызматтык чыгармалар: биринчи жарыялангандан бери 95 жыл же чыгарма жаралган күндөн бери 120 жыл кыска мөөнөткө чейин.
1978-жылга чейин түзүлгөн, бирок 1978-жылы же андан кийин гана жарык көргөн чыгармалар үчүн кээ бир атайын эрежелер бар. Бул шарттар АКШда чет элдик иштерге да колдонулат.
Чыгарманын жарык көргөн жылы жана жери да маанилүү. Кээ бир өлкөлөрдө белгилүү бир датага чейин жарыяланган материалдар коомдук энчиде болот. АКШда бул дата 1929-жылдын 1-январы. Андан тышкары, кээ бир өлкөлөрдө өкмөт тарабынан жарыяланган бардык материалдар коомдук энчиде болсо, башкаларында автордук укук менен корголот. (Көбүрөөк маалымат үчүн Викиказына:Өлкө боюнча автордук укук ченемдерин окуңуз.)
Америка Кошмо Штаттарында аудиожазуулар үчүн автордук укуктун абалы (анын ичинде 1929-жылга чейин жарыялангандар) өзгөчө татаал иш. Музыканы модернизациялоо мыйзамынын II аталышына ылайык, 1972-жылдын 15-февралына чейин жасалган жаздыруулар АКШнын автордук укук боюнча федералдык мыйзамдарына ылайык белгилүү бир убакытка чейин автордук укук менен корголот, бул жазуу биринчи жолу качан жарыяланганына жараша болот. Бул федералдык мыйзам кандайдыр бир формалдуулукка (автордук укук билдирүүсү, каттоо жана/же узартуу) карабастан колдонулат. Атайын автордук укук шарттары төмөнкүдөй:
- 1923-жылга чейин биринчи жолу жарыяланган аудиожазуулар 2022-жылдын 1-январында коомдук энчиге кирген.
- 1923-1946-жылдары биринчи жолу жарыяланган аудиожазуулар биринчи жарыялангандан кийин 100 жыл мезгилине автордук укук менен корголот.
- 1947-1956-жылдары биринчи жолу жарыяланган аудиожазуулар биринчи жарыялангандан кийин 110 жыл мезгилине автордук укук менен корголот.
- 1956-жылдан кийин жарыяланган жана 1972-жылдын 15-февралына чейин биринчи жолу бекитилген аудиожазуулар 2067-жылдын 15-февралында коомдук доменге кирет.
Биринчи жолу 1972-жылдын 15-февралында же андан кийин бекитилген үн жаздыруулар башка чыгармалар сыяктуу эле АКШнын автордук укук мыйзамынын мөөнөттөрү жана жоболору менен колдонулат.
Кээ бир өлкөлөрдө (мисалы: АКШда) автор өзүнүн чыгармасын коомдук энчиге бере алат. Башка өлкөлөрдө (мисалы: Европа Биримдигинде) бул техникалык жактан мүмкүн эмес. Анын ордуна, автор чыгарманын автордук укук тарабынан берилген бардык укуктардан баш тартууну камтыган Creative Commons Zero Waiver сыяктуу белгилүү бир лицензиянын шарттарында эркин пайдаланууга уруксат бере алат, бирок мындай баш тартуу мыйзамдуу түрдө толук укукту түзбөйт. Демейде «коомдук энчи» деп түшүнүлгөн сөз (мисалы, автордун жеке мүлктүк эмес укуктарына карата) гана колдонулууда.
Ошондой эле Хиртл таблицасын караңыз, бул курал Америка Кошмо Штаттарында коомдук доменде экенин аныктоого жардам берет. Эл аралык автордук укук мыйзамы боюнча колдонмо Америка Кошмо Штаттарынын чегинен тышкары жарыяланган кайсы чыгармалар сайтка жүктөлүшү мүмкүн экенин аныктоого жардам берет.
АКШнын жана чет өлкөлүк автордук укук мыйзамдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү
Викиказына — эл аралык долбоор, бирок анын серверлери АКШда жайгашкан жана долбоордун материалдары мүмкүн болушунча көп жолу колдонулушу керек. Башка өлкөлөрдө жасалган чыгармаларды жүктөөгө чыгармалар коомдук доменде болгондо же туура эркин лицензиянын астында жарыяланганда гана уруксат берилет, бул статус Америка Кошмо Штаттарында да, чыгарманын "чыгарылган өлкөсүндө" да мыйзамдуу. Чыгарманын "чыгарылган өлкөсү" көбүнчө чыгарма биринчи жолу жарыяланган өлкөнү билдирет.[1]
АКШдан тышкаркы өлкөдөн материал жүктөөдө, адатта, ошол өлкөнүн жана АКШнын автордук укук мыйзамдары колдонулат. Үчүнчү тараптын веб-сайтынан сакталган материал Викиказынага жүктөлсө, АКШнын автордук укук мыйзамдары, жүктөөчү жаран болуп саналган өлкөнүн жана ал сайттын веб-серверлери жайгашкан өлкөнүн мыйзамдары колдонулат. Демек, материалдарды колдонууга лицензия бардык тиешелүү юрисдикцияларга баш ийүүгө тийиш. Эгерде материал коомдук энчиде болсо, анда Викиказына сайтына жүктөө үчүн ал бардык тиешелүү юрисдикцияларга ылайык коомдук энчиде болушу керек.
Мисалы: Улуу Британияда жашаган адам француз веб-сайтында сакталган сүрөттү Викиказына серверине жүктөсө, жүктөөчү Улуу Британиянын, Франциянын жана АКШнын автордук укук мыйзамдары тарабынан корголушу керек. Ал адам бул сүрөттү Викиказына сайтына жүктөө үчүн, сүрөт Францияда, Улуу Британияда жана АКШда коомдук энчиде болушу керек же сүрөттүн Улуу Британия, АКШ жана Францияны камтыган автордук укуктун алгылыктуу лицензиясы болушу керек.
Өзгөчө учур: Коомдук энчиде болгон живопись, сүрөттөр сыяктуу эки өлчөмдүү искусство чыгармаларынын ишенимдүү репродукциялары бул эрежеден тышкары болуп саналат. 2008-жылдын июлунда, Викимедиа Фондунун эрежесин түшүндүрүүчү билдирмеден кийин, Викиказына коомчулугу бардык мындай сүрөттөрдү, кайсы өлкөгө карабастан, коомдук доменде катары кароого жана атайын эскертүү берүүгө добуш берген. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Викиказына:PD-Art тегин качан колдонуу керек экендигин караңыз.
Уругвай раундунун макулдашуулары жөнүндө мыйзамы
Uruguay Round Agreements Act же URAA - бул АКШнын чет элдик чыгармаларга автордук укуктарын калыбына келтирген мыйзамы, эгерде ал чыгарма URAA датасында чыгарманын булагы болгон өлкөдө дагы эле автордук укук менен корголгон болсо калыбына келтирет. Бул URAA датасы көпчүлүк өлкөлөр үчүн 1996-жылдын 1-январы болгон. Бул чет элдик чыгармалар URAA датасына чейин АКШда коомдук доменде болгонуна карабастан, АКШда автордук укук менен корголгон дегенди билдирет. Ошондой эле караңыз Википедия:АКШ эмес автордук укуктар.
Бул мыйзамдын конституциялуулугу сотто талашылгандыктан, Викиказына адегенде колдонуучуларга URAAсыз АКШда коомдук энчи болуп кала турган сүрөттөрдү жүктөөгө уруксат берген. Бирок URAA конституциялуулугун Голан Холдерге каршы АКШнын Жогорку Соту колдогон. Талкуулоодон кийин жабыр тарткан файлдар массалык түрдө өчүрүлбөй, жекече карала тургандыгы аныкталды. Андан ары таасирленген файлдарды карап чыгуунун эң мыкты ыкмасы тууралуу талкуу жүрүп, натыйжада Викиказына:Вики долбоорлордун коомдук энчиси түзүлдү (мындан ары жигердүү эмес).
URAA таасир эткен файлдар {{Not-PD-US-URAA}} менен белгилениши керек
URAAга байланыштуу жок кылынууга сунушталган файлдар АКШнын жана жергиликтүү мыйзамдарга ылайык алардын автордук укук статусу сыяктуу кылдаттык менен бааланышы керек. URAA файлга тиешелүү деген жөн эле доомат жок кылуу үчүн жалгыз себеп боло албайт. Эгерде автордук укукту баалоонун акыркы натыйжасы АКШнын же жергиликтүү мыйзамдарга ылайык файлдын эркиндигине олуттуу шек туудурса, файл этияттык принцибине ылайык өчүрүлүшү керек.
Мураска калган ээсиз эски файлдар
Мураска калган ээсиз эски чыгармалар төмөнкүдөй шарттарда жаралган болсо, жол берилет:
- чыгармалар 1929-жылга чейин түзүлгөн;
- же келип чыккан өлкөдө pma мөөнөтү аяктаганга чейин, эгерде алар түзүлгөн менен бир убакта басылса, {{PD-1996}} шарттарын канааттандырат (мисалы: 1946-жылга чейин түзүлгөн чыгармалар URAA жылы 1996 болсо, 50 жылдык pma).
PD 1.0 жана Flickr
Creative Commons Public Domain 1.0 белгиси (PDM) көбүнчө Flickr.com сыяктуу фотографиялык веб-сайттардагы сүрөттөргө колдонулат жана бул лицензия болуп саналбайт. Буга карабастан, коомчулук колдонуучу PDMди өз ишине колдонгондо, аны коомдук энчиге натыйжалуу киргизип жатканын жана ал иштер эркин лицензияланган деп эсептелерин аныктады. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн, коомдук энчи белгиси менен автордук укук ээси тарабынан жарыяланган файлдарды кабыл алуу керекпи же жокпу деген темадагы корутундуну караңыз.
Викиказынада Ак ниет пайдаланууга жол берилбейт
Викиказына ак ниет пайдалануу шарттар деп аталган материалдарды кабыл албайт. Көбүрөөк маалымат үчүн Викиказына:Ак ниет пайдалануу караңыз.
Туунду чыгармалар
Элестеткиле, сиз Барт Симпсондун сүрөтүн жүктөөнү каалайсыз, бирок, албетте, аны жөн эле сканерлей албайсыз. Кичинекей айкелдин сүрөтүн тартып, анан жүктөөгө эмнеге болбосун? Жок. Бул фигуралардын сүрөттөрүн жүктөй албашыңыздын себеби, алар Template:Wp-Derivative Works деп эсептелет. Мындай чыгармаларды түпнуска жаратуучунун уруксатысыз басып чыгарууга болбойт.
АКШнын 1976-жылдагы Автордук укук беренесинин 101-бөлүмүндө мындай деп айтылат: "Туунду чыгарма - башка тилге которуу, музыкалык аранжировка, сахналык режиссура, көркөм адаптация, кинофильм, үн жаздыруу, көркөм кайра чыгаруу, нота алуу, кыскартуу же чыгарма жаңы формага өтүшү, өзгөртүлүшү же бир нече мурда болгон чыгармаларга негизделген чыгарма. Чыгарманы рекастрациялоо, өзгөртүү же адаптациялоого мүмкүн болгон ар кандай башка формасы. Редакциялык оңдоолордон, аннотациялардан, иштеп чыгуулардан же башка өзгөртүүлөрдөн турган чыгарма, бүтүндөй алганда, автордуктун оригиналдуу чыгармасын билдирет."». Автордук укук менен корголгон нерсенин сүрөтү АКШнын юрисдикциясында туунду чыгарма болуп эсептелет. АКШнын 1976-жылдагы Автордук укук актысы, 106-бөлүмүндө мындай деп айтылат: "(...) Бул аталыштагы автордук укуктун ээси төмөндөгүлөрдүн бирин жасоого жана уруксат берүүгө өзгөчө укуктарга ээ: (...) (2) автордук укук менен корголгон чыгарманын негизинде туунду чыгармаларды түзүү;"
Ошондуктан, автордук укук менен корголгон "уруксатсыз" туунду чыгармаларды: фигуралар, оюнчуктар ж.б.у.с. сүрөттөр жок кылынышы керек. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн Викиказына:Туунду чыгармаларды караңыз.
Өзгөчө учур: Утилитардык деп аталган товарлар — коммерциялык дизайндын продуктусу болсо дагы, ички утилитардык функцияга ээ болгон объекттер Америка Кошмо Штаттарында автордук укуктун корголушуна жатпайт. Ошондуктан, алардын сүрөттөрү АКШнын мыйзамы боюнча туунду чыгармалар эмес. Бул өзгөчөлүктүн чоо-жайы жана колдонулушу үчүн Жогорку Соттун чечимин Mazer v. Stein каршы жана {{Useful-object-US}} караңыз.
Тривиалдык дизайн
Соода белгилери боюнча (ошондой эле Викиказына:Тема боюнча автордук укук:Соода белгилери барагын да караңыз): Көпчүлүк коммерциялык товарлар жана өнүмдөр тигил же бул формада интеллектуалдык менчик мыйзамдары менен корголот, бирок автордук укук мындай коргоонун бир гана түрү болуп саналат. Автордук укукту, товардык белгини (соода белгини) коргоону жана патентти коргоону айырмалоо маанилүү. Wikimedia Commons жалпысынан төмөнкү себептерден улам гана автордук укук боюнча чектөөлөрүн ишке ашырат:
- Дээрлик бардык нерсе соода маркасы болушу мүмкүн жана бардыгына тыюу салуу маанисиз болмок.
- Товардык белгилерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө чектөөлөр өнөр жайлык репродукцияга тиешелүү, бирок мындай буюмдардын фотосүрөттөрүн башка жол менен эркин чыгарууга болот.
→ Ушул себептерден улам, Викиказына автордук укугу аяктаган бардык соода белгилерин кабыл алат. Мындан тышкары, Commons тексттин жалпы шрифттеги жана "жөнөкөй геометриялык фигуралардын" сүрөттөрүн, эгер ал жакында эле соода маркасынын логотиби болуп калса да, мындай сүрөт автордук укукту коргоону тартуу үчүн жетиштүү креативдүү эмес деген негизде кабыл алат.[2] Мындай сүрөттөргө {{PD-ineligible}} же бул түрдөгү иштер үчүн такталган тегдердин тизмеси бири менен белгилениши керек (мисалы: жөнөкөй логотиптер үчүн {{PD-textlogo}}).
Автордук укук менен корголбогон тривиалдык формалардын Растрдык рендерлеринин (б.а. PNG сүрөттөрү) автордук укук менен корголбой калышы мүмкүн. Автордук укук менен корголбогон тривиалдык формалардын вектордук сүрөттөрү (мисалы: SVG файлдары) үчүн вектордук өкүлчүлүктүн өзүнүн автордук укугу барбы деген суроо анча түшүнүктүү эмес. Көбүрөөк маалымат алуу үчүнАнглисче Википедиядагы шрифттер тууралуу автордук укук маалыматын жана {{PD-textlogo}} талкуу баракчасын караңыз.
Белгилүү бир дизайн автордук укук менен корголгон же корголбогондугун аныктоо өтө кыйын болушу мүмкүн жана мындай мүнөздөгү сүрөттөр көп учурда ар кандай натыйжалар менен өчүрүлүүгө көрсөтүлөт. Кээ бир жетекчилик үчүн төмөнкү барактарды Commons:Threshold of originality жана “Threshold of originality” (Википедияда) караңыз.
Ариптер
Ариптердин (же шрифттердин) битмап сүрөттөрү Кошмо Штаттарда автордук укукка кирбейт жана ошондуктан коомдук энчиде. Алар башка өлкөлөрдө автордук укук менен корголушу мүмкүн (Шрифтердин интеллектуалдык менчиги жөнүндө Википедияны караңыз). Мындай учурларда, сиз {{PD-font}} маркер үлгүсүн колдонушуңуз керек.
Автордук укуктун эрежелери
Тиешелүү автордук укуктун эрежелери боюнча айрым көрсөтмөлөрдү бул жерден тапса болот
- Commons:Copyright rules by territory
- Commons:Copyright rules by subject matter (мурунку "Commons:Image casebook")
Төмөндөгүлөрдү дагы караңыз
Кошумча маалымат
- Автордук укуктун белгилери
- Кыргыз Википедиясы үчүн автордук укук боюнча КБС (Көп берилген суроолор)
- Жардам:Коомдук энчи
- Ачык мазмун - Creative Commons лицензияларын колдонуу боюнча практикалык колдонмо (ошондой эле PDF катары жеткиликтүү)
- Stock.xchng саясаты
- Викиказына:Вики долбоорлорго уруксат берүү өтүнүчтөрү
- Викиказына:Лицензия тандоо
Эскертүүлөр
- ↑ Бир эле учурда бир эмгек бир нече өлкөдө жарык көргөн учурларда, Берн конвенциясы боюнча автордук укукту коргоонун эң кыска мөөнөтүн берген өлкө "чыгарылган өлкө" болуп саналат.
- ↑ Ets-Hokin v. Skyy Spirits Inc. караңыз, анда SKYY арак бөтөлкөсүнө жана логотиби автордук укук менен корголбойт деген чечим чыгарылган.
Тышкы шилтемелер
Мыйзамдардын жыйнагы:
- ЮНЕСКОнун автордук укук мыйзамдарынын жыйнагы.
- WIPO Lex.
- CERLALC: Латын Америкасынын, Кариб деңизинин мамлекеттеринин жана Испания менен Португалиянын автордук укук мыйзамдары.
- CIPR: КМШ мамлекеттеринин жана үч Балтика мамлекеттеринин автордук укук мыйзамдары.
- ECAP: АСЕАН өлкөлөрүнүн автордук укук мыйзамдары.
- EuroMed Audiovizual II ЕБ программасы; кээ бир Жер ортолук деңиз мамлекеттеринин акыркы автордук укук мыйзамдары бар (Мароккодон Түркияга чейин).
Автордук келишимдер:
- Берн конвенциясы.
- ИМБДУнун автордук укук келишими.
- ЕБ Кеңешинин ЕБде автордук укук шарттарын шайкеш келтирүү боюнча 93/98/EEC Директивасы.
Башка:
- Circular 38a: Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык автордук укук мамилелери, АКШнын Автордук укук кеңсесинен. (Бир аз эскирген, кээ бир өлкөлөр жок.)
- Circular 38b: URAA камтылган автордук укукка өзгөртүүлөрдүн негизги учурлары, АКШнын Автордук укуктар боюнча кеңсесинен.
- 17 USC 104A: URAAдан улам АКШда автордук укукту калыбына келтирүү
- АКШдагы автордук укук